Кудай айтты дейт: «Мен адам баласына баарын бердим, тек ниетин гана өзүнө калтырдым», — деп. Ырас эле. Болгон маселе ушундай ниет, пейилди оңоодо турат. Биз руханий жактан арууланбастан туруп эч кандай ийгиликке жетише албайбыз. Алдыңкы цивилизация табияттын бычагы дешет. Жок-жок жаңылышабыз. Эң башкы айыпкер — ошол өзү курган цивилизация менен асыл-ой даанышмандыгын жуурулуштура албаган адамдар. Дегеле башкасын айтпаганда, көпчүлүгүбүз жаз келген сайын топуракка бир тал чырпык саюуга мойнубуз жар береби? Жок. Мындан артык кичине эле мисалды издесең да таппайсың.
Шаханов. Ар адам перзентине, жакшы көргөн адамына арнап чырпык сайса, көчөт олтургузса кандай ылайыктуу. Аттиң, ушундай үлгү тутарлык салттар бизде жайылтылбай келет.
Жаз айында* (1996-жылдын жазы.) Бишкек шаарында чоң ишембилик уюштурулду. Ошондо биз бир топ элчилер — Метин Гокер (Туркия), Рам Сваруп Мукиджа (Индия), Яо Пэйшень (Кытай), Ален Малой (Америка), Михаил Романов (Россия), Назар Аббас (Пакистан), Мортеза Тавасоли (Иран), Александр Тумор (Белорус), Бишкек шаарынын ошол кездеги мэри Борис Силаев баарыбыз биригип чар тарабы келишкен аянтка бир түптөн дарак олтургуздук. Келечекте мунун эч нерсеге алмаштыргыс ажайып бир сонун ыйык аллеяга айланары шексиз. Эң бир баалуусу ошол ишембиликте кыргыздын касиеттүү топурагында жарык дүйнөгө келген, өзүңүз атын койгон кызым Айчүрөккө да арнап бир чырпыкты ырымдап сайдым. Экөө тең жарыша бой жетсин деп ичимден тиледим.
Ооба, биздин Жер эненин алдындагы перзенттик карызыбыздан бир-бир түптөн чырпык саюу менен кутула албайбыз. Бирок, жакшы тилек — жарым ырыс дегендей «биссимилда» деп, алгачкы кадамды ушунтип кичине кайрымдуулуктан баштасак.
Ал эми абага түрдүү химиялык газ, түтүн, ыш, чаңдын калдыктары менен радиациялык кооптуу шоолалардын аралашуулары да жер бетине мурда эзели болуп көрбөгөн коркунуч келтирүүдө. Жер бетинде адамдардын саны миллиондон ашкан көптөгөн шаарларында абанын булганганы ушунчалык, Эл аралык саламаттыкты коргоо уюму жаш жеткинчектерди сегиз жашка чейин андай чөйрөдө өстүрүп тарбиялоого болбойт деген чечимге келип олтурат. Мындай тизмедеги шаарлардың катарында Алма-Ата да бар…
Айтматов. Он үч миллиондон ашуун калкы бар Токио шаары мындан он чакты жыл мурун абанын булганышынан өтө зор кыйынчылыкка кабылганы эсимде. Шаардагы үйлөрдүн жыш салынгандыгы, өндүрүш, мекеме ишканаларынын, заводдор менен фабрикалардын эсепсиз көптүгү, автомашиналардын күнү-түнү бир тыным албай токтоосуз агылып турганы, улуу маданият менен алдыңкы технологиянын борборун мусапыр абалга дуушар кылган. Дегеле тургундарынын айрымдары көөдөн керип эркин дем алалбай, таза аба толтурулган маска кийүүгө мажбур болушкан. Тубаса эмгекчил япондуктар мындай көйгөйлүү жагдайдан кандайча кутулду дейсиң го? Эң алгач борбор шаардын мэринин ордуна конкурс жарыялаган. Негизги шарты, ким абаны бат тазалай турган алдыңкы технологияны ойлоп тапса, ошол шаар акими болсун деген. Ушундан улам сан миңдеген талапкерлердин арасынан суурулуп, илимий таймашта жеңип чыккан азамат бийлик башына келди. Ал өзүнүн берген убадасына туруп, Токиону алты айдын ичинде дүйнөдөгү эң таза шаардын катарына теңеген. Ушундай катаал таймашта иргелген жаңычыл, жигерлүү башчы цивилизациянын чордонуна айланган кайсы шаарга да артыкбаш болбос эле.
Шаханов. Кийинки кезде окумуштууларыбыз жерди көмкөрүп турган аба катмары жыл сайын төмөндөп, кичирейүүдө деп жаңы коркунучтун башын кылтыйтууда. Анткени жер бетинен атмосферага бөлүнө турган зыяндуу калдык менен көмүртек, кычкылтек алда кайда көп өлчөмдө экен. Тиричиликке эң керектүү ушул эки элементтин тең салмактуулугу сакталбаган жагдайда бардык макулуктун, жандуу менен жансыздын арасындагы биологиялык байланыш бузула турган көрүнөт. Жер шарындагы таза абанын азаюусуна байланыштуу абаны уютуп катырып, ушуну менен бизнес жасаган соодагерлердин чыккандыгы тууралуу сөз козгогон, жазуучу Александр Беляевдин «Аба соодагери» аттуу фантастикалык романы эсиңизде болсо керек.