Адашкан ак куунун муңу, же медуза сыры.



Аскада калган Кожожаш тагдырдын ушундай катаал өкүмүнө моюн сунуп, өзүнүн ашынган ырайымсыздыгына, зулумдугуна, текеберчилигине, кыянатчылыгына наалат айтып, аска-зоолорду жаңырта уккан жандын сай-сөөгүн сыздата боздоп-сыздап калыптыр. Бирок, болоору болгон соң, мунун баары өтө кеч эле… Зарлаганың не пайда.

Тагдырдын катаал соккусуна туш болгон колуктусу кечирим сурамакка тоо кезип, Сур Эчкини издейт. Арадан кылымга жуук убакыт өтсө да, Сур Эчки таптырбайт. Картайып кемпир болуп, сар-санаа басып, убайым жеп каржалган колукту күндөрдүн бир күнүндө кундуздардын кыз узатуу тоюна кез келет. Кундуздар айлуу түндө кызын узатып, ырдап чордоп, бий бийлеп шапар тээп жатышат. Ушуну көрүп турган Кожожаштын колуктусу: — Мага эч болбосо ушу жаныбар кундуздардын кубанычындай да кубаныч буйрубаптыр ай! — деп тоо, талааны башына көтөрө зарлаптыр…

Шаханов.Кожожаш жомогу — жалпы адамзаттык кайгынын жогорку чеги. Адам баласы бир эле окуяны ар тарабынан көрүп, ар кандай түшүнүктө кабыл алат десек да, баарысынын төтө жолу — трагедия аркылуу кабыл алышынан го.

Айтматов. Кайсы бир жылы немецтин киночулары Люксембургга келишип: «Сиз тууралуу кино тарталы?», — дешти.

— Каерден тартасыңар?

— Ушул кабинетиңизде олтуруп, сүйлөп бериңиз? Биз тартып алалык.

— Бул кайталагандык болуп калат го. Мени айрыкча ыраазы кылган бир жер бар. Жүрүңүздөр, кепти ошол жерден баштайлык, — деп киночуларды ээрчитип жөнөдүм.

Беш шаарды тутумдаштырган Брюссель — Люксембург — Триер — Кобленц — Франкфурттун кесилишинде автобан бар. Чет элдин ар түрдүү машиналары үч-үчтөн алты катар болуп, күнү-түнү агылып жатат. Автобандын туш-тарабын жүздөгөн чакырымга чейин темир зым менен жылчыксыз курчап таштаган. Алиги даңгыр жол тоону да, дөбөнү да, токой менен көлдү да кесип өтөт. Жолдун бир тарабындагы жан-жаныбарлар аркы бетке бара алышпайт. Так ушул жерден табигый биримдик үзүлгөн. Ушул үзүлгөндү улоого булар эмне жасап койгон дебейсизби? Автобандын үстүнөн ар он чакырым сайын жолу кесилип калган элик менен бугуга, каман менен коёнго, бака менен жыланга ылайыктап көпүрө салган. Ага окшогон асма көпүрөнү биздин элде жапайы аң түгүл, соопчулукка киши-кара өткөнгө курса деле жаман болбос эле.

Ушул жерге кино тартуучу топту ээрчитип келип:

— Мына, адамдык эгоизмди жеңүүнүн, жандуу табигатка боор тартып карагандыктын, дегеле цивилизациялуу түрдө өнүгүүнүн бир көрүнүшү ушу, — дедим.

Ошол асма көпүрөгө чыгып, фильмде айта турган сөзүмдү баштадым. Кийинки кадрларыбыз ушул кыргыз жергесинде, Талас өрөөнүндө уланды. Шекер айылындагы өзүң көргөн аксакал, көк сакалдардын көпчүлүгү фильмге тартылды. Кеп мында эмес. Маселенин чордону экологиялык жоопкерчиликте жатат.

— Ой, ой, карышкыр менен түлкүгө тийбегиле, аюуну атпа, тыйын чычканды өлтүрө көрбө, — деп миң мерте зарласак да жыйынтык жок. Эң башкысы — жан-жаныбарларга болгон чыныгы боорукердик Люксембург жергесиндеги:

— Тынчыңарды алып, өрүштөрүңөрдү бөлгөнүбүздү кечиргиле! Ары-бери өтө бергиле, мына көпүрө десең даяр, — дегенсиген ниеттеги ызааттоосу ушунун айгагы. Бизге ушул жетишпейт. Мындай ураанда айтылган алгылыктуу ойлордун баары эле сөз жүзүндө калууда.

Шаханов. «Кылым карытаар бир күн» аттуу романыңыздагы Эдигейдин Каранары ар жаз сайын буйласың үзө жулунуп-булкунуп, ар айылдын күлүнө оонап, жылдын он эки айында топтолгон кумарын жазып, арып-азып ээсине кайрылат. Бороондуу Эдигейге да жаныбардын сыры маалым, издеп убара болуп жүрбөйт. Ойлой келсек, ушул Каранардын ички «мени» бар. Өзүнөн тукум калтырууга, эркиндикке, көз карандысыздыкка болгон умтулуусу тынчтык бербеген учурда, өз короосунан качып чыгат. Боюнда туйлаган албуут күчтү ырастоого болгон дареметин жумшайт.

Бир даректүү фильмден жапайы бугулардын жашоотиричилигине таңданган жайым бар. Жайынча өрүш тандоодо, суу ичүүдө, жырткычтардан коргонууда бирибири менен ушунчалык ысык ымалалаш момун жаныбарлардын ачык талаага жыйнала калып, күч сынашкандары кызык.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 Кийинки >>