Адашкан ак куунун муңу, же медуза сыры.



Гималай тоолорун мекендеген кээ бир уруулар жаңы үйлөнгөн жаш жубайларга:

— Силерге киттин махабатын, иттин берилгендигин каалаймын,-деп тилек айтышат экен. Аларда мындан ашкан мартабалуу бата жок көрүнөт. Иттин ээсине берилгендиги түшүнүктүү, ал эми киттин махабаты дегени эмнеси, деп ара-чолодо ойлоно турганмын.

Жакында басма сөздөн Калифорния куймасында өткөн бир окуяны окуп, ошол табышмактын жандырмагын таптым.

Кит уулап жүргөн «Аторранте» яхтасы катар сүзүп жүргөн эки киттин бирин оор жаралап өлтүрөт да, олжосун темир аркан менен байлап сүйрөп алат. Жубайынын киши колдуу болгонун көргөн эркеги аны куткарып алмакка аракеттенип яхтанын соңунан узак сүзөт. Акыры өмүрлүк шеригинин каза болгонуна көзү жеткен кит ызага буулугуп, яхтага ачыктан-ачык чабуулга өтөт. Алп денеси менен чукулунан барып, бардык күчкубаты менен урган кезде «Аторранте» яхтасы оодарылып калган. Олжого тунуп келатышкан экипаждын мүчөлөрү зор бүлгүнгө учурашып, эптеп жандарын араң дегенде аман алып калышкан. Адамдардын негизги жаңылыштыгы өзгө тиричилик ээлеринин сезими менен эсептешишпей жаткандыгынан болуп жүрбөсүн.

Шаханов. Улуу Циолковскийдин «Адамдардын кийлигишүүсү чыгашалуу, өкүнүчтүү экен, жер шары тез картая баштады» дегенинде терең сыр жатат.

Жакында кайсы бир чет элдик басма сөздөн кыйла ойго келтирерлик бир кызык окуяны окуганым бар. Балык аттуунун ышкыбозу 26 жашар Фрэнк Чарней өзөндөн балыкты кармап алып, үйүндөгү аквариумга бага баштайт. Арадан жыл өткөндө денеси өсүп кеткен балыкка аквариум тардык кылат. Сүзүү мындай турсун, бурула да албайт, бирок багуусу жакшы, тамагы ток, дагы экөө телевизордун кызыгына бирге батышат.

Бар балээни Фрэнктин таарынышып калган сүйүктүүсү баштайт. Сүйгөнүнөн өч алуу үчүн жаныбарлардын укугун коргоочу Эдвин Крэнкке балыктын атынан доосун айтат.

Текшерүүнүн жыйынтыгында балыкка шарт түзбөгөн “Фрэнк кылмышкер катары айыпталып, беш саат түрмөгө камалып, ири суммадагы акчалай айып салынып, зорго кутулат.

— Мен мындай таш боордукту алгач ирет көрүп олтурам, деп жакасын кармаган, жаныбарлардын укугун коргоочу Крэнк. — Сиздин өзүңүздү кыймылдатпай тонго ороп таштаса кандай күндө калаар алеңиз? Балыктын жаны жок деп ким айта алат? Эмесе, аны кордоого кандай укугубуз бар? Фрэнкке мындан да катуу чара колдонуу зарыл эле…

Айтматов. Алтайлык бир адамдан мындай кеп уктум эле. Тоо жакалай өсө турган карагат менен жийде, алма менен алмурт. Карагат бышса болду, шаар тургундары бул жемиштерди жыйнап алууга бала-чака кыз-кыркын дебей агылат экен. Тынч келип, тынч кетишсе мейли. Жемиштерди ийип, бутактарын сындырып, түнү бою алоолонто от жагып, арак ичишип, тоону жаңыртып обон созушуп, ошол тегеректеги айбанаттарды бүтүндөй үркүтүшүп деги тынчтык беришпептир. Күндө жеген ашынан айрылып, таза айлалары кетип, кыжырлары кайнаган аюулар бир жолу тоодон түшүп, адамдарды таш бараңга алышып, машиналарын аласалдырып, будуң-чаңга түшүрүшүптүр. Ошондон кийин гана ээн баштанып кетишкен шаардыктар, бир азга да болсо, ойлонуп калышса керек.

Шаханов. Кадимки эле дарактын бир бутагы сынса өз кабыргасы сынгандай болгон чет элдеги кээ бирөөлөр аквариумдагы балыкка жаны ачып чыркырап жатканда, биз Арал деңизинде жашаган балыктын 84 түрүн тыптыйпыл кырып алдык.

Чыке, колдо бар алтындын баркы жок демекчи, кайсы бир элде кийиктин эти менен өтө кадырлаган мейманын таңсык даам иретинде сыйлаганын айткансыз. 1988-жылы Торгой жергесинде миллионго жакын кийик кырылып калды. Бул Семей полигонундагы сыноонун залакасыбы, ал кезде Арал деңизинин ортосундагы «Возрождение» аттуу бактериологиялык куралдарды жашыруун түрдө сыноо борбору боло турган, ушул мекеменин «чыгармачылык табылгасыбы», айтор бүткөн бойду дүркүрөткөн зор жоготууга жооптуу бир да күнөөлүү адам табылбады.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 Кийинки >>