Адашкан ак куунун муңу, же медуза сыры.



Суу, аба, топурак — биздин теңдешсиз байлыгыбыз экенин бат эле эстен чыгарып жибермейибиз бар. Ушул үчөөнүн арасындагы биологиялык байланыш үзүлсө, тиричилик жабыркайт. Бир клеткалуу балырдан киттерге чейинки, суудагы кадимки чырмооктон карагайлуу токойго чейинки, жердеги ушулардан наарды ажырата турган ар түрдүү сапаттагы эки-төрт аяктуу макулук ээлери физиономиялык өзгөрүүлөр менен психологиялык кеселдерге учурашат. Түпкүлүктүү касиетин, табигый өсүп-өнүгүү калыбын жоготкон жерде Чернобыль кесепеттери сыяктуу илдеттер өмүргө коркунуч келтирет.

Айтматов. Бир кезде мезгилдүү басма сөз бетинде жүргөн чуулгандуу эки окуя канча жылдар өтсө да такыр жадымдан чыгаар эмес.

Красноярск жергесинде турган карапайым эле камбыл аял жай айында токойдон терип келген козу карындарын идишке салып туздап, бапестеп кышка сактап коёт. Жаз чыга үй астындагы жертөлөдө сакталган даамдын дем кыстырган жытынан оозун ачса, кудай бетин салбасын, бет алдында дүгдүйүп, шишип-көпкөн бир коркунучтуу желмогуз арбайып турат. Муну буту менен түртүү да кыйын экен, байкуш аялдын жаны оозуна кептелип, чыңырып жиберет. Капкандай кысып, кемирген балээден бутун күч менен тартып алганда, беш манжасынын эти жок тек сөөгү гана агарып чыгат.

Мурда өмүрү кезикпеген мындай эби-сыны жок жомоктогу желмогуздай коркунучтуу көрүнүштү окумуштуулар изилдеп келип, козу карынга сиңген радиоактивдүү шооланын салдарынан өсүп чыккан мутант деген корутундуга келишет. Күн санап көлөмү өсүп, табити артып, темир менен бетондун өзүн буюм көрбөй жалмап келатышкан мутанттарды жоготуу маселеси зор проблемага айланды.

Ушул сыяктуу экинчи бир кылымдын коркунучтуу желмогузу Бермуд куймасында да пайда болгон. Деңиз менен мухит суусунда өмүр сүргөн, болгону кырк сантиметрлик медузанын айланасына апаат алып келе турган коркунучтуу жаныбарга айлануусунда кандай купуя сыр жатат? Байкасак, бир кезде Совет өкмөтүнүн ядролук курал жүктөгөн суу астында сүзүүчү кемеси ошол Бермуд жанында бузулуп, сууга ири көлөмдөгү радиоактивдүү зыяндуу заттар тараган экен. Медуза ушунун таасиринен тез өсүп, мутантка айланып, узундугу алтымыш метрге чейин жеткен. Ушу тапта да ал балык менен дельфиндерди буйдамга келтирбей жеп, кез келген кайык менен чакан жел кайыктарды кыйратып кирген. Денесинин туш-тушунан өсүп чыккан кызгылтым-көгүлтүр манжалары тийип кеткен жерин күйгүзүп, тирүү жаныбарларды баарына ажал отун чачып келет. Аз эле жылда жыйырма-отуз суучулду курмандыгына айлантып үлгүргөн бул желмогуздун саны тездик менен өсүп, эки жүзгө жетиптир.

Катуу жел тийсе түбүнөн үзүлгөн алсыз козу карын менен каруусу жок мухит медузасы радиоактивдүү заттар менен аралашканда адамзатка коркунуч келтирип жатат. Ал эми жер бетиндеги арстан, пил, крокодил, же болбосо суудагы кит менен акула сыяктуу айбаттуу жаныбарлар мутантка айлансачы? Алардын жан-жакасындагыларга тийгизер залалы кандай деңгээлде болорун бир кудайдын өзү билет?

«Адамдар табиятка чабуул жасап бүтүштү, эмдиги чабуулду адамдар табияттын өзүнөн күтөт» — деген акылман Циолковскийдин сөзү чындыкка айланып келе жатканы, адамзат ээлерин катуу ойлонтууга тийиш. Анткени, соңку жылдары окумуштуулар жер бетиндеги жашоо бизден мурун төрт мертебе кайталанган деген ойго келбес божомолго таянышты. Буга ишенсек, жашоо учугунун уланышы алгач жер титирөөдөн, кээде кандуу кыргындан, үчүнчүсүндө алаамат куралдын кесепетинен, соңкусунда топон суунун капташынан мүлдө тыптыйпыл болгон. Ушулардын баарына күнөөлүү адамдардын руханий жактан азып-тозушу, араанынын ачылдышы, дүйнөгө ачкөздөнүшү, ыймансыздыгы. Баары келип табыйгатты тым-тыракайын чыгарып олтурат. Мына, маселе кайда жатат!

Бешинчи ирет тиричиликтин ээси, биз, жер шарын болочокто аман сактап кала алабызбы жокпу? —башкы проблема ушунда турат. Эгерде адамдар табиятка, бирибирине деген карым-катнашын ушул калыбынан өзгөртпөсө, кыямат-кайымды ураган жанар тоодон (вулкан) табабыз дешет. Тек кудай сактасын дейли. Элде акыр заман болордо «жер астынан жик чыгат» деген сөз бар эмеспи…

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 Кийинки >>