Чынгыз Айтматов Маек.





— Мектепте окуган жылдарыңызды ал кездеги мугалимдер бүгүн зор сыймык менен эскеришет.
Ошондой мугалимдердин бири – Тамара Александровна Викторова. Азыр ардагер. Бул эжебиздин
айтымында окуп жүргөнүнүздөрдө жалпы классыңыздар менен Гоголдун “Текшерүүчүсүн” коюпсуздар?

— Ооба, анда мен жандармдын ролун аткаргам (Жазуучу өзү ошондогу сахнада кейипкерди кантип
ойногондугун туурап көрсөтөт).

— Согуштан кийинки оор жылдарда Казакстандын Жамбул шаарындагы зооветеринардык
техникумду аяктарыңыз менен эле борборубуздагы К.И. Скрябин атындагы айыл чарба институтунда
билим анууңузду кандайча улантып калдыңыз?

— Техникумду жакшы бүтүргөндөрдүн бир тобун жогорку окуу жайларга жиберишкен. Алардын арасында
мен да болуп калдым.

— Боордош казак элинин “Лениншил жас” газетасы сиздин элүү жылдык юбилейиңизге арналган
бетинде мына ошол техникумдун 1948-жылдагы бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы түшкөн сүрөтүн баскан.
Алардын ичинде сиз да барсыз. Сүрөттө түшкөндөрдөн мурда мектепте, кийин институтта чогуу окуп
өзүнүз менен жакын жүргөн жоро-жолдошторуңуздан кимисине жолугуп аңгемелешсек болот?

— Ал газета менде бар. Мына бул жерде турган (газетадагы сүрөттү корсөтөт) Калманбетов деген окуду эле.
Ал азыр Меркеде турса керек. Бала кезде бирге ынак жүргөндөрдөн Шекерде Жапарбек Досалиев,
Покровкада Абиш Үсөнөв, институтта чогуу окуп азыркы күндө КирНИЖде иштеген Ильяз Махмудович Ботбаевге
жолуксаңар болот.

— Институтту аяктаган, борборубуздагы мал чарба тажрыйба станциясында зоотехник болуп
иштедиңиз. Көп өтпөй Москвадагы Горький атындагы адабият институтунун эки жылдык курсунда окуп
жүргөнүңүздө кайсы чыгармаларыңызды жазгансыз?

— “Бетме-бет”. “Жамийла” атту чыгармаларым ал жакта тез эле жазылган. Булардан башка Түкөмдүн
(Сыймыкбековдун) “Тоо арасында” романын экинчи китеби орус тилине которгом.

— Баса, ошол романдын жарыкка чыкканына быйыл 50 жыл толду. Алгач “Кең-Суу” деген ат менен
басылыптыр.

— Адабиятыбыздагы бул тунгуч роман учурунда мага кандай таасир бергенин айтуунун зарылдыгы жок.
Албетте, которгонума кубандым. Бирок чыгарманын жарык көргөнүнө 50 жыл толушу өзүнчө чоң сөз го дейм. Бул
эми адабиятты изилдөөчүлөрдүн иши.

— “Бетме-бет”, “Жамийла”, “Ботогоз булак”, “Делбирим”, “Биринчи мугалим”, “Саманчынын жолу”
аттуу чыгармаларыңыздын ар бирин канча убакытта жазып бүткөнүңүз эсиңизде болду бекен?

— Мен бул повесттеримдин ар бирин канча күндө жазганымды так айта албаймын. Жаш кезек болчу.
Негизинен бардыгы бат эле жазылган.

— Адабий журтчулугубуз “Саманчынын жолун” бир нече вариант менен жазылган деп жүрүшөт?

— Жок. Андай варианттар болсо кана?

— “Делбирим” аттуу повестиңизде өзүбүздүн жергебиздеги Тянь-Шань тоолору Долон ашуусу,
Нарын, Рыбачье шаарлары айтылгандыктан мындагы каармандардын прототиптери ушул жактабы
деген ойго келтирет.

— Ал жактарда эч кандай деле прототип жок. Бул чыгармамды жазууга бир кезде “Правда” газетасынын
республикабыз боюнча өз кабарчысы болуп иштегенимдигим түрткү берген. Ар кандай окуяларды көрүп, угасың.
Ошол таасирлерден түркүн ойлор жан дүйнөңдөн сызылып чыгат…



<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 Кийинки >>