— “Саманчынын жолу” повестиңиздеги турмуштун негизги өзөгү Жийде айылы
(Манас районундагы “Кыргызстандын 40 жылдыгы” совхозунда) десек болот. Анткени бул айылдан
чыгармаңызга катышкандар мындай турсун андагы айрым эпизоддорду да уктук. Анын үстүнө сиздин
Толгонай апа менен аңгемелешип олтурганыңызды биз өзүнүз жөнүндөгү даректүү фильмден да
көргөнбүз. Ал эне да ушул айылдан экен.
— Жийде айылында Толгонай апанын үйүндө биздин үй-бүлө согуштун каардуу жылдарында туруп калды.
Мен ал учурда Шекерде айылдык Советтин секретары болуп иштеп жүргөм. Кийин согуш биздин өлкөнүн чегинен
сүрүлгөндө убактысынча токтогон окуу кайрадан уланып, мектепке бара баштадык. Мен ошол Толгонай апанын
үйүндө жүрүп, окуумду уланттым. Анын чарбага башкарма болгон Субанбек деген баласы согушка кетип, кайтпай
калды. “Саманчынын жолу” повестим жарык көргөндө Толгонай апа экөөбүздү, аңгемелештирип, даректүү фильм
тартышкан. Ошондо ал менден: “Эки жакта көп жүрөсүң, баламдын дайнын биле алдыңбы?” деп сурады эле.
Согуштун аяктаганына жыйрма жыл болуп калган. Жарыктык киши көзү өткөнчө уулун күттү.
— Ошол Жийде айылында турганыңыздарда сиздердин уурдалган уюңуздар өзүңүздүн “Бетме-бет”,
повестиңиздеги кульминациялык эпизодду эске салды.
— Мен “Бетме-бетти” жазып жатканымда бул окуя эсиме келди беле так биле албайт экем. Негизинен
таасир берген көрүнөт. Биз уюбузду абдан жакшылап кароочубуз. Ошол уюбузлу бир күнү эртең менен көздөгөнү
чыксам, казакта байланган жиби менен жок. Алгач элес албай бошонуп кеткен экен деп Талас дайрасынын
боюна чуркап бардым. Көрүнбөйт. Андан кийин гана киши колдуу жоголгонун билип, айлабыз кетти. Ал кезде
бизди жансактатып жаткан ошол уй болчу. Ушундан улам уйду уурдаган ууруга кыжырым келди. Айылдагы
бирөө-жарымдын мылтыгын алып, кайдан болсо да ууруну тапкым келди. Жака- белдеги аң-сайларды түп-көтөрө
карап чыктым. Эч шек-шыбай билинбейт. Кыш айы эле. Колу-бутум тоңо баштаганда айылга кайттым.
Көчөдө мылтыкчан келатканымда эшек минген карыя жолугуп, абалымды сурады. Мен ага болгон ишти айтып
бердим. Түрүмдү көрүп жоошута акыл айтты: “Кой, балам мындай кылганың жарабайт. Уйду алган ууру жарып
деле кетпейт. Турмушта мындан да жаман абал болот. Айла жок, чыдаш керек”, — деди эле. Эсимде калганы
ушулар.
— Анда согуштун учуру экен. Мал жоголсо, элдин убалынан коркпогон Ысмайылга окшогондордун
колунан келди да. Муну айтып жаткан себебибиз, сиздин туулган жериңизде болгонубузда “Бетме-беттеги”
Ысмайыл Шекерге кататташ Көк-Сай деген айылдагы ушундай эле ысымдагы улгайган кишини
эске салды. Аңгемелешкенибизде ал: “Чынгыз мени жазып, бүт дүнөгө белгилүү кылды” деп
тамашалады эле.
— Эске салса салаар Чыгармадагы кейипкерди ушу деп сөөмөйүм менен көрсөтө албайм. Каарманыма
турмуштагы тагдыры окшош кишинин атын жазып коюпмун. Ал Ысмайыл бир жолу мага балдарынын сүрөттү
тигилген альбомду салым жибериптир. Минткени менин Советтик Армиянын катарында кызмат кылган
балдарымды көрсүн дегени болсо керек. Азыр Ысмайыл бар болсо токсонго чыгып калды го дейм.
Ушул чыгармамды жазып жатканымда туулган жердин таасирин сезгем.
— Дагы бир каарманыңыз катары чыгармаңызга катышкан, ары бир чети мектепте окуткан
мугалимиңиз Инкамал апай дүйнөдөн кайтты…
— Арты кайыр болсун, жашы сексенден ашып калды эле. Инкамал апай өзүнүн мугалимдик жолунда көп
муундарды тарбиялады. Мындай адамдарга биз көп милдеттүүбүз. Мына ушуга окшогон кишилер тууралуу жазуу
керек. Алардын басып өткөн жолу бизге, соңку муундарга үлгү.