— Жок, өзүм жөнүндө жазуу кыйынга турат. Жаза албайм. Мунун көп себептери бар, аны айтуунун
зарылдыгы жок го дейм.
— Сиздин чыгармаларыңызда көп эле жоокерлердин образы бар. Алардын турмушу менен кайдан
таанышсыз?
— Бир кезде айыл чарба институтунда окуп жүргөндө менда жоокер болгом. Бизди ошондо Алма-Атага
алып барып эки ай какайтып аскер кылган.
— Адабияттагы устатыңыз М.Ауэзов менен алгачкы таанышууңуз кандайча башталган? Бул
устатыңыз менен бирге түшкөн сурөтүнүздү басма сөз бетинен бир да көрө албайбыз. Ошондой болсо
да казак жаштарынын “Жалын” альманахына сизди аны менен жанаша отургузуп боек аркылуу
сүрөтчүнүн тарткан эмгегин көрдүк элек.
— Сүрөтчү тартса тартып койгондур. Мухтар Ауэзов менен Москвада тааныш болгом. Техникумдагы
студент кезимде “Абай” романын окуп калдым. Анан ал китепти такыр колумдан түшүргөн жокмун. Айылга
жөө-жалаңдап кетип баратканымда да кошо ала жүрчүмүн. Ал кезде машине деген жок. Жол алыс. Бир канча
аралыкка жөө басып олтурасың. Ошондо бутум талыган жерге олтуруп окуганым “Абай” эле. Кийин Мукаң менен
таанышып, көп эле бирге жүрдүм. Сүрөткө такыр экөөбүз чогуу түшпөй калыппыз.
— Казак тилинде жарык көргөн чыгармалар жыйнагыңызда “Кызыл алма” аттуу аңгемеңизди
казактын адабиятчысы Зейнолла Кабдоловго арнаган экенсиз…
— Бул аңгемени З.Кабдоловго арганым тегин эмес. Биринчиден, Зейнолла менин эң жакын досторумдун
бири. Экинчиден, “Кызыл алманы” жазууга ал өзү себепкер болду. Бул аңгемени ойго бышырып жетилишине
анын “көз акысы” бар.
Аңгеменин кыскача тарыхы мындай. Алма-Атанын тоо жагындагы дем алуу үйүндө бирге дем алып,
ар кимибиз өз жазуу-сызууларыбыз менен алек болуп жүрдүк. Бир күнү түшкү тамак учурунда үстөл үстүнө алма
коюлуптур. Мага тийген алма өтө татына, кызл алма экен. Алманы карап олтуруп, эсиме институтта окуган бир
курсташымдын окуясы түштү да, күлдүрмөккө Зейноллага айтып бердим. Ушунтсем “ой, сен неге күлөсүң? Бали,
мунун не күлкүсү бар? Сен муну жаз, жазууң керек” деди Зейнолла.
Ошондон баштап, ар бир кездешкен сайын Зейнолла кызыл алманы качан бересиң деп сурайт. Кызыл алма
эсимден кетпей койду. “Сен аны эртерээк жазсаң, казакчага өзүм которор элем” деп ашыктырып жүрдү. Акыры
тилектеш досумдун тапшырмысын колдон келишинче аткарып жазып бүтүргөнүм ушул эле. Ал эми муну айтып
олтурганым китеп окуучулар чыгарманын дүйнөсү кандайча башталат, чыгарма кантип жаралат деп көп сурашат.
Анын жолу өтө көп, өтө түйшүктүү. Кээде мына ушул сыяктуу досуңдун тилектештиши аркылуу чыгарма
жазылат
экен. Буга өзүмдүн да таңым бар.
— Казак драматургу К. Мухамеджанов менен биргелешип жазган “Фудзиямада кадыр түн” деген
драмаңыздын жаралуу тарыхына токтолуп кетсеңиз?
— Мен муну аңгеме кылып жазгым келген. Баштап келип такалып калдым. Ошол кезде Москванын
“Современник” театры пьеса жазып берүүмдү суранды. Драматургия жанрын билбегенимди айтып жазбайм деп
койдум. Кийин бир курдай режиссер досторум “деги сен азыр эмненин үстүндө иштеп жатасың?” дешти. Сөздү
кай жакка бурарымды билбей өзүмдүн жазылып жаткан чыгармамды айтып бердим. “Алар өмүрүңдө биринчи
ирээт милициянын машинесине түшүштү” деген сүйлөм менен Алмагүл камакка алынып совхоздун мекемесине
жеткирилет. “Эмне себептен мындай болду? Андан ары эмне болот?” деп сурашты алар кызыгышып. Ошондо
тоонун чокусунда кезигишкен кишилер өздөрүнүн курбусу Сабыр тууралуу эскеришкендиктерин айтып бердим.
Бул чыныгы пьеса, күчтүү чыгат деп айлантып жазуумду суранышты. Акыры мен аларга макулдугумду бердим.
Бир апта өттү. Бирок эч нерсе жазган жокмум. Пьеса жазууга көңүлүм келбеди. Арадан дагы бир апта өттү,
оюмда баары даяр, кагазга эч нерсе түшүрө албадым. Ушундай кезде кудай жалгап Алма-Атадан калемдеш
Калтай досумду жолуктуруп, өзүмдүн абалымды айттым. “Мен сага бул окуяны айтайын сен байкап көрчү,
мындан пьеса чагабы?” дедим. Биз түнү бою саат төрткө чейин көчөдө сүйлөшүп басып жүрдүк. Мен өзүмдүн
жаза турган чыгармамды толкунданым, ага чын ыкласым менен айтып бердим…