Чынгыз Айтматов Маек.



— Озүңүздүн комсомол курагыңыздагы учур менен бүгүнкү күндөгү жаштардын турмушун
салыштырып көрүп, кандай ойго келесиз?

— Биздин турмушубуз күн санап өзгөрүүдө. Жаштык курагымды эстегенде мен үчүн комсомол күн өткөн
сайын табигый түрүндө жана толук көлөмүндө кабыл алынган коомдук турмуштун формасы эле. Өзүм
факультеттин комсомол уюмунун секретары катары дубал газетага макала жазып турар элем. Өз калоом менен
кызыгып, өздүк көркөм чыгармачылык ийримине катышып, үнүм жок болсо да сахнага чыгып ырдачумун. Көп
үндүн бар же жогуна эмес. Баарыбыз чогулуп ырдап, тиешелүү суроолорду талкуулоонун зарылдыгы чоң эле.
Менин байкоомдо бүгүнкү күндө мындай мамилелер формалдуу гана өтүп жаткандай.

— Сиздин демилгеңиз менен уюштурулган “Ысык-Көл форуму” жергебизде дагы өткөрүлөбү?

— Бул суроого мезгил тараза, келечек жооп берет.

— Форумдун Женевада өткөн жыйынында дүйнөлүк олуттуу маселелер жөнүндө сөз козголду. Ал
эми жаштар туурасындачы?

— Биздин аңгемелешүүлөр менен дискуссиялардын өңүтү азыркы замандагы маданият менен жаштардын
өз ара мамилелерин да камтыды. “Театр жана жаштар”, “Музыка жана жаштар”, “Телекөрсөтүү жана жаштар”
өңдүү аспектилерди да талкууладык.

— Сиздин чыгармаларыңыз аркылуу кыргыз калкы дүйнөнүн көптөгөн элдерине маалым болгону,
кыргыз тилине кызыгуу күч алганы бүгүнкү күндө эч кимге деле жаңылык эмес. Биз муну айтып
жатканыбыздын себеби Лондондогу Оксфорд университетиндеги жолугушууда бир студенттин өзүңүзгө
кыргызча суроо менен кайрылганын атайы белгилегенсиз.

— Ооба, ал университетте түрк тилдери окутулат экен. Менден ал: “Сиз кыргыз китапларын ала
келдиңизби?” деп сурады. Ал студенттин фамилиясы Кеннеди болсо керек эле. Мен ага “жок, сиздерге кыргызча
китептердин керек болорун билген эмес элем. Билсем ала келмекмин” дедим.

— Чет элден чыккан китептериңиздин биринде сиздин комуз чертип түшкөн сүрөтүнүз бар.
Чынында комуз черте аласызбы?

— Ал сүрөттө жөн эле комуз кармап түшсөм керек. Комузду черте албайм. Кыргыз баласы болгон соң,
атабабадан калган күүлөрдү укканды жакшы көрөм. Ошондой эле шахматты да жакшы ойной албайм. Ойносом
бат эле утулуп калам.

— Атаңыз Төрөкул Айтматов Совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы элибиздин көрүнүктүү
партиялык жана мамлекеттик ишмерлеринин бири болгондуктан жакында анын ысымы айылыңыздагы орто мектепке берилди. Ал жөнүндө жазуу оюңузда барбы?

— Мындай кубанычтуу кабарды угуп, абдан толкундандым. Өзүмдүн гана атам болгондугунан эмес.
Ал учурдагы партиялык ишмерлердин басып өткөн жолу – биз үчүн үлгү. Муну эч убакта унутпашыбыз керек. Айылдаштарыма
ыраазымын, өздөрүнүн коммунист агасына кылган таазимине, экинчиден ушул жердештеримдин суроо-талабын убагында
канаатандырган Талас областык аткаруу комитетине да ушул газета аркылуу ыракмат айтаар элем. Атам жөнүндө жаза албайм.
Мага мындай темада жазуу кыйынга турат. Бул ойду “Өзүм жөнүндө” деген макаламда да айтам.

— Азыркы күндө сиздин чыгармаңыздагы Дүйшөнгө эстелик тургузуу жөнүндө “Советтик
Кыргызстан” газетасында республикабыздын туш тарабынан келген каттар жарыяланып жатканынан өзүңүз да кабардар
чыгарсыз?

— Албетте, кабарым бар. Анда Дүйшөнгө эстеликти кай жерге ачуу жөнүндө ар кандай пикирлер болууда.
Менимче, эстелик ушул борборубуздун бир жерине ачылса дегендерге кошулам.

— Дүйшөн сыяктуу каармандын образын жаратууга бир кезде мугалим болуп иштегендигиңиздин
жардамы тийгендир?




<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 Кийинки >>