— Сиз туулган Шекер айылында чыгармаларыңыздагы каармандарга ысымдары уйкаш: Танабай,
Султан-мурат, Раймалы деген адамдар бар. Бирок Танабайды айылдаштарыңыз эбак көзү өткөн
Керимбек деген аксакалга окшоштурушат.
— Мындайда жазуучунун ыкмасын да эске алуу керек. Аты уйкаш болсо эле менин каарманым боло
бербейт. Минтип айрым адамдарды жөн эле дүргүтүү жаратат. Ырас, раматылык Керимбек аксакал Танабайга
мүнөзү жагынан бир аз жагындап барат. Ал эми Гүлсаратты айылдан өзүм да көрүп калдым. Шатектен чыгып
калган, арабага чегүүчү алжайган картаң ат эле.
— Ошол Гүлсарат жөнүндөгү ыр комуздун кошоосунда ырдалат экен. Бизге Султанмурат деген
айылдашыңыз ал ырды комузга коштоп ырдап берген:
“Туулдум эле бир кезде
Туйлаган кулун мен болуп” – деп башташып, сиздин чыгармаңыздагы Гүлсараттын тагдырын ыр
менен армандуу баяндайт. Ырды угуп олтуруп, жоргонун элеси көз алдыга дагы бир жолу тартылып өтөт.
— Айылда жүргөндө бул ырды укпаптырмын. Мен деле далай ыр ырдалган жоролордо болдум эл. Эмнеге
укпай калдым экен…
— Айылдаштарыңыз ушудан улам сизди Шекерге көптөн бери каттай элек дешип бекеринен
айтышпаган экен.
— Атаганат, барам эле дейм. Туулган жерге кантип баргың келбейт. Бат-бат барганга убакыт жок!
— Сиз каармандарыңызга Асел, Илияз, Данияр сыяктуу көрктүү ысымдарды кандайча тандайсыз?
Чыгармаларыңыздан улам бул ысымдарды бүгүнкү күндө ар бир үй-бүлөдөн кездештирүүгө болот.
— Мен эл арасынан жакшы ысымдарды укканымда көңүлгө түйүп же болбосо чөнтөк дептериме жазып
коём.
— Кыргыз тилинде жаза баштаган “Кайрылып куштар келгиче” атту чагармаңыздын айрым
үзүндүлөрүн басма сөздөн окуп калдык эле…
— “Кайрылып куштар келгичени” баштаган элем. Буюрса бүткөрөм. Атаганат кыргызча жазууну дегдейм.
Бирок убакыт жете бербейт.
— “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” деген повестиңизди нивхи элинин жазуучусу, калемдешиңиз
Владимир Сангиге арнагансыз. Бирок биздин элет жериндеги окурмандарыңыз бул авторду биле
беришпей “Санги деген ким?” деп сурап калышкандарын учуратып калабыз. Ушундан улам бул
чыгармаңыздын кийинки басылыштарын “Нивхи элинин жазуучусу, калемдешим В.Сангиге” деп
койсоңуз кандай болор эле?
— Абдан туура болот. Ошентсе ошентээрбиз. Бул чыгарманы Владимир Сангиге арнаганым андагы окуя
нивхи элинин турмушунан алынганын көп жерде айттым. Повесттеги легенданы мен ошол калемдешимден
уккам.Ушундан улам чыгарма Сангиге арналса эле дос экен деп ойлобоо керек. Аны менен жөн гана
чыгармачылык байланыштамын.
— “Кыямат” романыңыздагы “Жетөөнүн бири” деген баллада грузин элинен алынганбы?
— Бул балладаны толугу менен грузиндерден алынды деп айта албайм. Сапар улап, ал жакка барганымда
баллададагы окуянын чет жакасын уктум эле.
— “Новый мир” журналынын өткөн жылдагы сандарынын биринде “Кардагы умай эне”
(“Богоматерь в снегах”) атту жаңы чыгармаңыз быйыл жарыялана тургандыгы окурмандарга
кулактандырылган…
— Ушу тапта ал чыгарманын үстүндө иштеп жатам. “Кардагы умай эне” деп шарттуу түрдө гана аталышы.
Кийин башкача аталат го…
— Борбордук “Молодая Гвардия” басмасы басып чыгарган үч томдук чыгармалар жыйнагыңызга
жазган кириш сөзүндө адабиятчы Н. Потапов өмүр жолуңузду камтыган публицистикалуу
макалаларыңызды айтып, бирок, чыгарма жарала электигин белгиледи эле. Биз буга кошумчалап
мындай деп айтар элек. Сиз чыгармаларыңыздын ичинен “Эрте жаздагы турналар” атту повестиңизди
“өзүмдүн автобиографияма жакын” деп айтканыңыз эсибизде. Анда болгону согуштун каардуу учуру
гана чагылдырылат. Ушундан улам келечекте өмүр жолуңуздун бардыгы көркөм баяндалып турган бир
автобиографиялуу чыгарма жазуу оюңузда барбы?