— Жок, мен мугалим болуп согуштун каардуу жылдарында эки-үч ай гана Көк-Сай менен Арчагул деген
айылдарда иштегем. 1942-жыл бекен… так эсимде калбаптыр.
— “Манас” эпосун изилдеген окумуштуу М. Ауэзов: “…биз “Манастын” жаралуу доору 840-жылдан
ары эмес деген болжолдообуз бар. Ошондо эпостун алгач жарала баштаганына 1100 жыл чамасы толгон
болуп чыгат. Арийне, бул тек гана болжол түрүндө гана айтылып жатат” деп жазган эле.
— “Манас” эпосу – маңдайыбызга бүткөн жылдызыбыз. Мукаң белгилегендей, качан, кайсы доордо
жаралгандыгы бизде так маалымат болбогондуктан мынчанчы жылы ага миң жыл толот деп айта албайбыз.
Ошондуктан эпосубуздун 1000 жылдык юбилейин ушул жакын арада белгилесек да эрте-кечи жок го дейм.
— “Манас” эпосун Кытайдагы кыргыздар да басып чыгарышты. Мунун өзү дүйнөдө көлөмү жагынан
теңдеши жок дастаныбыздын кыргыз аттуунун баарына таандык экендиги айкын көрсөтүүдө. Алдыда
белгилене турган бул эпосубуздун юбилейин алар менен да биргелешип өткөрөбүзбү деген ой келет.
— Мындай кылсак абдан ылайыктуу. Ал турмак Афганистандагы кыргыздарыды да чакырсак болот.
— Кытайда жашаган кыргыздар сиздин “Ак кеме”, “Кылым карытаар бир күн”, “Гүлсарат” деген
чыгармаларыңыздын ар бирин өзүнчө жыйнак кылып жарыкка чыгарышыптыр. Биздеги кыргызча
чыккан түп нускасынан араб арибине көчүрүлгөн. Бирок алар чыгармаңыздагы бир топ сөздөрдүн
маанисин түшүнө беришпейт экен. Биз муну “Ак кемеңиздин” аягына берилген түшүнүк сөздөрдөн улам
айтып жатабыз.
— Кытай Эл Республикасында кыргыз деген кичинекей гана журттун өз эне тилиндеги басма сөзү
болгонуна кубанасың. Мунун өзү коңшулаш социалисттик өлкөдө да улут саясатынын туура чечилгени. Баарынан
да Кытайдагы боордошторубуздун “Манасты” чыгарышканын айт. Бир ууч эл үчүн ушунун өзү азаматтык эмеспи.
Мындан бир топ жылдар мурун мен бул өлкөдөгү кыргыз окурманымдан кат алдым эле. Анда менин
чыгармаларымды бул өлкөдөгү кырыздар кытай тилинен окуп жатканы, кыргызча окуур бекенбиз деп эңсегени
жазылган болучу. Акыры ал жактагы элдин тилеги минтип кабыл болгонуна кубанам. Мындан ары достук
байланышыбыз терең тамырласа, биздеги түшүнө албаган сөздөрдү бат эле билишет. Биз да алардан үйрөнө
турганыбызды үйрөнүп, ала турганыбызды аларбыз. Эл деген түгөнбөс кенч эмеспи.
— Сөзүңүздөн улам дагы бир мындай суроо пайда болуп жатат. Сизге дүйнөдөгү
окурмандарыңыздан көптөгөн каттар келе тургандыгы жалпы журтчулугубузга маалым. Ушул каттарды
өзүнчө бир жыйнак кылып чыгаруу маселеси жөнүндө борбордук “Неделя” жумалыгынын кабарчысы
Н.Хохлов айткан эле. Албетте анын мындай оюн биз да колдойбуз.
— Мен каршы эмесмин. Ырас, мага көп кат келет. Жооп, жазганым бар, жазбаганым бар.
— Сиз төгөрөктүн төрт бурчун кыдырып чыктыңыз. Ушундан улам көңүлүңүзгө баарынан кайсы
жер жакты? Ал жактардан биздин кыргыз жерине теңдеш аймакты көрө алыңызбы? Көргөн
жерлериңиздеги таасирлерди жол очерки кылып жазасызбы?..
— Дүйнөдө кыргыз жеринен кооз жайлар эң эле көп. Бирок, туулган жерге теңдештире албайсың. Бир жер
жакса, бир жер жакпайт. Баари бирдей эмес. Ошондой болсо да айтаар элем: Англия, Швейцария ашкере көркөм.
Ал эми жол очерктерди жаза албайм. Жазыш үчүн жергиликтүү элдин тилин билүү керек экен.
— “Ленинчил жаш” газетасы элибиздин залкар акыны А. Осмоновдун музейин ачуу максатында
маселе көтөргөн. Бүгүнкү күндө акындын борбор шаарыбызлагы үйү бузулуу коркунучунда турат. Буга
байланыштуу газетага ал акынды көргөн-билген замандаштары, калемдештери бир катар эскерүүлөрдү жарыялашты.
— Мен Алыкулду көргөн жокмун. Албетте, музей ачуу керек. Мындай ойду кубаттайм. Акындын үйүн
буздурбай сактап калуу – жалпыбыздын милдетибиз.
— Аңгемеңиз үчүн чоң ыракмат.
— Силерге да ийгилик каалайм.