Ушул таңда “ал эмнелерди тартып жатты болду экен?” деп ойлойм. Таластын кең байтак талаасын тарттыбы? Же коюн жайып чыккан чабанды тарттыбы? Балким Саадайым жөнөгөн Маймак станциясын тарткандыр? Тарт! Тарта бер! – дейм ичимен. Бул жердин баары эле сага кымбат, ыйык сезилет чыгар?! Анткени өмүрлүк жарың Саадайымдын туулган жери эмеспи. Ошол эле Кызыл-Адырдагы жалгыз үйдүн чырагын тарт. Ал чыракты Саадайым өзү күүгүмдө жандырчу. Чырак жүрөктөгү алгачкы сүйүүнүн жарыгынан жанып тургансыйт. Тээтиги көк кашка болуп агып жаткан чоң сууну да кошо тарт. Ал суудан Саадайым кечип өткөндү жакшы көрчү. Дагы айылга жалгыз аяк жол менен келчү почточу чалды тарт. Мен андан дайыма Саадайымдан кат күтчү элем… Иши кылып баарын тарт. Саадайым айылын сагынганда көрүп жүрсүн! Саадайымды биринчи мен ынаткамын. Ушул май жыттанган кийимим менен ынаткамын. Азыр да ынатам. Түбөлүк ынатам. Мен баарын сүйүү деп сезипмин. Ал эми Саадайым болсо, кийин гана өз сүйүүсүн жүрөгүнүн тереңинен сезип, ал жактан сени тапкан тура.
Мен ушинтип аларды ойлуу карап турганымда, күн тоо башынан көтөрүлдү. Бул күн нуру да ага боек болсун деп тиледим. Ал сүрөттү абдан жакшы тартып жатса керек. Саадайым ийнине колун арта салып, көз айрыбай тиктөөдө. Балким баягы келатканындай болуп баласы ыйласа да “ии атаңдын тартканын карачы!” деп сүрөттү көрсөтүп сооротоор.
Анын тарткан сүрөттөрүндө, биздин өрөөндүн көрүнүшүнүн баарын эле тарт кандай болду. Ал айылдан кеткиче тынбастан сүрөт тартты…
Бир күнү алар айылдан кетишкенден кийин, ал сүрөт тарткан жерлердин жай кыдырып көрүп жүрдүм. Кеч кирип калган эле. Кызыл-Адырга чыгып караганымда алыска созулган талаалар алаканга салгандай көрүндү. Күйөөсү ушул талааны тарткан чыгар. Бул жерден ал сүрөттү ташка жөлөп тарткан экен. Таштын бетине кандай болуп кызыл боегу таамп калыптыр. Ал таштагы боекко колумду акырын сыйпалап көрдүм. Боек эбак кургап калыптыр. Ал шул боегу менен бактылуу да, табияттын ажайып көрүнүшүн тартып, Саадайымды эркин багынтып өзүнө алды да – дейм.
Саадайым шаарга кетээринде “мени ушул жерден карап, талаадагы тракторупа кол булгалап кете бердим” деп кат жазганына жетине албай кубансам, эми ушул эле жерге көзүмөн жаш тамды. Минтип турганымда кыйкуулаган үндөн улам үстүмү жалт караганымда, көктө каркыралар учуп баратыптыр. Баягы эле Саадайым экөөбүзгө тааныш каркыралар. Булар да мени жалгыз калтырышкансып, бейкапар учуп баратышат. Күздүн акыры болуп калды, кайтышат да. Аларды карап туруп тамагыма ачуу жаш келе түштү. Алардан калгым келбей катуу чуркап:
— Ээ, каркыралар! – деп кол булгалай кыйкырдым. Канчалык күйүгүп катуу чуркасам да жете албадым. – Сезген чыгарсыңар жанымда жоолук булгалаган кыз жок, — дедим аларга.
– Ал башка жакка эне болуп кетти. Кыздардын баары эне болот экен. Силер кайда барасыңар. Балким, ал жакта да кыздар эне болуп жаткан чыгар. Аларга жакшылыкты кататыңарга ката баргыла. Узун жолдо канатыңар талыса, эне болгон кыздардын назик колу сыласын! Ошондо гана канатыңар талыбайт, — деп кыркыраларды узатып жаттым.
Күндүн кыпкызыл болуп батканы менен, алар да канат сермеп жок болду. Күүгүмдө адырдын түбүндөгү баягы чырак дагы эле бүлбүлдөп жанып турду…