— Ой, айдай бер! – деп артымдан чыккан үн, оюмду бөлдү. Тракторумду жай гана айдап жөнөдүм. Колумдагы тегерек рулду оңго-солго буруп, аны карап келем. Ал да бет алдын ойлуу тиктейт. Эмнени ойлоп келатты болду экен? Бир кезде кол кармашып жүргөн күндөрдү ойлоду бекен. Ошондогу бек карышкан назик жылуу колу али да жүрөгүмө жылуулук берип турат. Ошол эле колу менен эми наристесин жанымда кармап олтурат. Ошол эле колу менен Кызыл-Адырдагы жалгыз үйүндөгү чыракты жандырчу. Кыздардын баары эне болушат экен деп келаттым. Жанымда жүргөн Саадайым да ушинтип эне болуптур. Мен ага эч бир үн катпадым. Ага бир нерсени айтканым менен деле тракторумдун дүрүлдөгөнүнөн угулмак эмес. Кээде гана көздөрүбүз чагылыша түшөт. Ушундан гана баары түшүнүктүү. Экөөбүз бири бирибизди көрүп гана түшүндүк да. Ага менин ушинтип баягы эле тракторумду айдап жүргөнүм белгилүү болгондур. Мен ага айта турганым “эмне үчүн апам экөөбүздү таштап кеттиң”, ал сени “жакшы кыз” дечү эле деген бир ооз гана сөз эледир. Муну ага эми айткан-айтпаганым менен деле баары бир да. Мен ойлогон ойдун кучагында калгансып тракторум да жолдун өңгүл-дөңгүлүндө өйдө ылдый секирет.
Баарын эстеп келаттым. “Мамам күйөөгө тийип кетти деген” телефондогу тунук үндүн кулагыма шак эте угулганын, эстедим. Ошондо жанымдагы Саадайымдын колундагы бала ыңа-ыңа, деп ыйлап жиберди. Таптаганына болбой катуу ыйлады. Ушул ыңаалаган баланын үнүн эңсегенсип, апам каркыралар кайткан жылды көп айтчу эмес беле? Апамдын анысын көптөгөн каркыраларды көргөн сайын эстечү элем. Эми минтип Саадайымдын колундагы ыңаалаган баладан улам эстеп олтурам. Саадайым да эстеди бекен. Ага мен айтып бербедим беле. Мына жашоого жаны келген баланын ыңаалаган жагымдуу үнү менин тракторумдун ичинен чыгып азыр бардык жан-жаныбарларга угулгансыйт. Бул үндөн тээтигинде жал-куйругун сапырылтып жылкыларга угулгандай алар катуу келатышат. Ошол эле талаада коюн жайган жигитке да угулуп ага түрткү бергендей ал колун сунуп обон созууда.
Мен да эсимди жыйып тракторумдун ылдамдыгын күчөтө айылга жете барып токтодум. Тракторума түшкөн элдин баары жерге түшө башташты. Саадайымдын күйөөсү жерге секирип түштү да, Саадайымдын алдындагы ыйлап турган баланы колуна алды. Анан ал мага “ыракмат” деди. Мен эсим оогонсуп эч нерсе деген жокмун. Күйөөсү үстүндөгү жабышкан чөп-чарды улам кагып жатты. Күйөөсүн биринчи жолу даана көрүшүм. Саадайымдын турмушка чыкканын алгач укканымда, “күйөөсү кандай неме болду экен?” – деп ойлоор элем. Көрсө күйөөсү ушул экен. Мурутчан, чачы жаагына чейин өсүп, кийген кийими өзүнө жарашып турат. Кантсе да шаардык жигит го. Трактордун айнегинен Саадайым экөөн көз айрыбай тиктеп турдум. Алар Кызыл- Адырдагы үйдү көздөй жөнөштү.
“Ушу да бир кезде ынатып жүрдү, ээ?” – деп ойлосо керек, Саадайым баласын кучагына кымтылап жатып мени кылчыйып бир карап койду. Күйөөсү болсо чоң сумканы жанында көтөрүп баратты. Бир маалда аларды Саадайымдын үй-бүлөсү тосуп чыгышты. Үйүндөгүлөр колундагы баланы мурдунан чымчып өбүшүүдо. Мен буларды тиктеп туруп, бир саамдан кийин жин тийгендей тракторумду чымын-куюн катуу айдап жөнөдүм. Көз алдыма эми мага такыр кайрылбас болгон Саадайымдын аянычтуу көз карашын элестетип келаттым.
Алар ушинтип келишкендин эртеси эле, анын күйөөсү сүрөтчү да, Кызыл-Адырда сүрөт тартып жүргөнүн көрүп калдым. Эмгектенүүнү абдан жакшы көрөт экен. Таң заарында туруп жумушка баратканымда, ал сүрөт тартып жаткан болот. Саадайым болсо дайыма жанында. Ал эми күйөөсү адырдын борчук ташына тактайын жөлөп коюп, сүрөттү тартканы тарткан.