— Саадайым эжемди мамам күйөөгө тийип кетти деген. Эми биздин үйгө такыр келбейт деп айтты. – дегенде көзүм караңгылап, — Аа – деп колумдагы трубканы шалак эте таштаганымда, көз алдыма Кызыл-Адырдын түбүндөгү күйгөн чырак жалп өчүп, шаңгыр эте сынып калгандай болду. Ал качан күйөөгө чыкты экен. Саадайымдын ушундай кабарын угуп, аны азыр эле колуман жулдургандай ат үстүндө көңүлсүз шылкыйып келатам. Эми мен үчүн мындан ары жашоонун деле эч кызыгы жоктой сезилди. Айылга жакындаганымда биздин үй үңүрөйүп суук көрүндү. Андагы келин алып келүүмдү күткөн апамды эстегенимде катуу ыйлагым келди…
Эртеси апам — Көзүң китирейип турат дегенине болбой жатып ишке чыктым. Тракторумду айдап иштеп жүргөнүм менен деле ар кандай ойлор көңүдөн кетпейт. Алгач Саадайым барган үйүндө көшөгөгө келин болуп олтурганын, ошол эле үйдүн ойноок баласы ага “жеңе” дегени кулагыма шак эте угулганын. Аны атынан айтпай Саадайым “бала” деп ойлойм.
Көп өтпөй эле Саадайымдын күйөөгө чыкканы айылдагыларга дуу этип угулду. “Баягы корукчу Эрматтын кызы эрге тийип кетиптир. Куйөөсү сүрөтчү экен” дешти. Мен ичимен сызып калдым. Ал келин болуп барган үйүнө да чырак жандырат. Мен ал чырагын көрбөйм. Жер айдап жүрүп, алыстан силердин үйүңөрдөгү бүлбүлдөгөн чыракты көрүп алып, кубанганымдан тракторумду катуу айдайм. Үнү сага угулабы? – деп сурасам, — угулат – дечү ал. – Сен анда эмне кылып жаткан болосуң? – десем, — чырактын жарыгында китеп окуп – дечү ал.
Кээде түнү бою кирпик көзүмдү какпай Сааадйымды ойлоп чыгам. “Күйөөсү кандай неме болду экен”. Сүрөтчү экен дешти эле. Ушул түндө ал Саадайымдын мен суктанган көзүнөн өөп жаткандыр деп ойлоп, өзүмдү коерго жер таппай, көзүмөн аска бетиндеги жылжыган булактай болуп жаздыкка жашым агып калат.
Ошол жылы күзгү тоңдурма айдаганды болуп, мен фермага жем, чөп ташып жүрдүм. Күздүн акыркы айы болучу. Тракторумдун прицебине чөптү жүктөп, ферманы көздөй бараткам. Жол тосо турган жерде биздин айылга бара турган кары-картаң кемпир чалдар турушкан экен. Алар мага жабыла кол көтөрө беришти эле, токтой калдым. Баары чөптүн үстүнө тарбалаңдап чыгышып түшө башташты. Ошолордун арасында шаардыктарча жарашыктуу таза кийинген өзүм курактуу жигиттин жанында бала көтөргөн келин туруптур. Аны Саадайым деп түк ойлогон эмесмин. Ал кабинанын жанына келип, колундагы баласын алиги жигитке берди да, өзү кабинага чыга бергенде, мен селт эте түштүм. Мына Саадайым! Көзүбүз чагылыша түштү. Ал мени көрүп кайра артка кетенчитей берди. Бир саам ушинтип тиктеше калгандан кийин, жанындагы күйөөсү бизге түшүнбөй:
— Бол, олтурбайсыңбы Саадайым, — деди. Ал жаныма олтуруп колуна ымыркайын алды. Ал ак шейшепке оролгон. Мына Саадайым. Мен кат күткөн Саадайым. Ушинтип жанымда олтурат. Аны минтип жолуктурам деген оюмда жок эле. Колундагы ак шейшепке оролгон ымыркайы гана болбосо баягы эле Саадайымдын өзү. Ал күйөөгө тийип, мен суктанган көзүнөн эч ким деле өппөгөндөй сезилет. Бирок минтип эрте төрөп алыптыр.
Саадайымдын ушинтип менин тракторума түшүп калышы ойдо жок жерден болду. Мен да эмне кылаарымды билбей дал болуп турдум.