— Силердин үйүңөрдөн жанган чырак, мени дайыма чыйралтат. Айрыкча айдоо талаасынан кайтып келатканымда чырагың бүлбүлдөп сени эңсетет. Анын жарыгында сенин олтурганыңды эстеп, алдыга ого бетер кадамымды кере таштап, сен тарапка ашыгам, — дегем.
Анда Саадайым күлүп: — Чыракка май куюп дайым эрте жандырайын, — деген. Мен анын минтип айтканына сүйүнүп кетип, аны так көтөрүп тегеретип жиберипмин. Ал болсо: — Койчу! Койчу! жыгылам, — деп ызылдаган.
Күүгүм кирип, чырак бүлбүлдөп жанганда ага жакындап келем. Чырак кичинекей терезесинде турат экен. Терезенин түбүнө барган кезимде байлануу турган ити жулунуп таза тынчымды алчу. Ошондо чырак бүлбүлдөп турган терезесинен баары көрүнгөн эле.
Үйдүн төрүнө туш кийиз тартылып, жүк тиреле жыйылган. Атасы төрдө үргүлөп, комуз чертип олтурса, апасы шырдак шырып, Саадайым болсо улагада кир жууп олтурат. Чырак үй ичинде ушуларга жарыгын чачат экен. Булар мал-жанын көздөп алышкандан кийин гана көңүлдөрү тынч ушинтип олтурушат да. Мен үй ичиндеги буларды көз айрыбай тиктеп алып адырга жашынып калам. Ары жактан чоң суу шаркырап, асман бетинде бирин-серин жылдыздар чыга баштачу. Так ошондо жүрөктү болк эткизип Саадайым чыга калар эле. Колундагы жуулган кирлерин тикенекке жая баштачу. Мен турган жеримен:
— Саадайым – деп акырын үн катсам:
— Ап! – деп кирин таштай салып чоочуп кетчү. Мен ошондо “келдим” деп ордуман турар элем.
— И сен белең! – деп жайдары боло, — Кое тур, азыр келем, — дечү кайра үйүнө шып кирип. Мен толкунданып кетип, көзүмө чырак ого бетер балбылдап жангандай көрүнөр эле. Терезесинен анын жанган чырагы менен тиктешип аны күтүп олтура берчүмүн. Аны күтүп олтуруп не бир укмуш кыялга батам. Ал этегин кармап жыңайлак кечип өтчү бол сууну мен да кечип өтүп, Саадайымдын чырагын колума алып сылагым келет. Анан мен Саадайымды келин кылып үйгө алып кете турганымды үйдөгүлөр билишип, ак баталарын беришсе – “эми жаңыдан турмуш куруп жатасыңар, үйдөн каалаган буюмуңарды алгыла дешсе: чыракка тең келер эч нерсе жок. Мен Саадайымга чыракты алабыз деп жарык чачкан чыракты колума алаар элем. Баары макул болушуп, биз колубузга чыракты кармап үйгө келатканыбызда, артыбызды бир кылчайып карасак, адырдын түбүнөн баягы бүлбүлдөп турган чырак жок. Анда менин бир нерсем жоголуп кеткендей болот эле. Жараталышта өзү жаралган нерсеге кол тийгизсе эле өзүндөй болбой бузулуп калат. Мына сага, адырдын түбүндөгү бүлбүлдөп турган чыракты эми көрбөйм. Ал колдо баратат. Эч деле кызыгы жок. Мен чечкиндүүлүк менен:
— Жок, Саадайым! Силердин үйүңөрдөн эч нерсе албайбыз. Баарын өзүбүз курабыз, — деп чуркап барып чыракты ордуна коет элем. Анан ал чыракты биздин үйдөн Саадайым экөөбүз тиктеп жүрмөкпүз. Ушундай таттуу кыялга батып олтурганымда, каалгасы кыйч ачылып, Саадайым өзү чыкканда жүрөгүмдүн ого бетер катуулап соккону өзүмө сезилчү. Узун көйнөкчөн аны – Саадайым! – деп кучактап калчумун. Экөөбүз көптөн бери көрүшө электей көпкө чейин кучакташып турчубуз. Бири бирибизге ыкташкан бойдон көктү тиктегенибизде, анда жылдыздар толуп калганын көрөр элек. Анын мен суктанган жоодурган көзү, караңгыда жылтырап көрүнөр эле. Ошол көзүнөн өпчүмүн. Көптөн кийин кол кармашып, жалгыз аяк жол менен басчубуз. Ал түнү биз баскан ийри-буйру жалгыз аяк жол көктөгү саманчынын жолуна окшош эле. Ошондуктан жолубузду саманчынын жолу дээр элек. Ага жетпесек да суктанып колубузду созчубуз. Биз кол сунган андагы саманчы жолу асмандын бул учунан тиги учуна чейин бозомук тартып созулуп кетчү. Минтип жүргөнүбүздү бирөө жарын көрөт деп түк коркчу эмеспиз. Кызыл-Адыр айылдан бир топ алыс турат да. Түнкү жымжырттыкта иттердин каңк-куңк этип үрөнү алыстан угулуп, айлана уйкуга текши магдырачу. Керели кечке трактор айдап, май жыттаган бул колум ал түнү анын назик жылуу колу менен бек кармашып оңуп эле калчу. Жолдо мен чырак жөнүндө кыялымды айтчумун.
— И-и ушул чырак деп эле турасың, чырактын эмнесин жакшы көрөсүң? – деп ал күлүп гана койчу. Бир маалда: — А-ии, жылдыз учту! – деп көктөн зуу этип куланган жылдызга эки алаканын тосуп талаага чуркар эле. Ал ушинтип учкан жылдызды жерге түшүрбөй алаканыма тосуп алсам деп эңсечү. Бирок жылдыз түшчү эмес. Ал учкан жылдызды талаанын бир жерине түштү – деп ойлоп, талааны кыдырып, ошол жылдызды издеп басчубуз. Артыбызды карасак Кызыл-Адырдан бир топ алыс кетип калган болобуз. Бизди үйүңдөгү бүлбүлдөп турган чырагы тиктеп тургансычы.