Бүлбүлдөйт түндө шам чырак.

Аны менен мындай түндөрдү далай өткөрдүм. Ал жылы Саадайымдын мектепте окуган акыркы жылы болчу. Шаарга окууга кетем деп камынып да жүргөн. Анын шаарда турган эжеси да бар экен. Алгач ошол эжемдикине барам деп айткан. Бир күнү жумуштан келсем кетип калыптыр. Кеткенин сиңдисинен уктум. Шаабайым сууп, көңүлүм чөгүп калды. Айланам улам караңгылыкка чөгүп, алыстагы тоолордун чокулары үрүл-бүрүл көрүнөт. Тээтигине күндөгүдөй эле Кызыл-Адырдын түбүнөн менин ыйык жалгыз чырагым жанып турду. Эми анын жарыгында Саадайым жок.

Мындай көңүлсүз жүргөн күндөрүмдө ойдо жок жерден жүрөккө от койгондой кубаныч болбодубу. Жумуштан үйгө көчө менен келатат элем. Сумкасы толгон газета- журналдарды таратып жүргөн почточу чал:

— Ой, балам, токто бери. Сага кат бар эле, — деп сумкасынан бир катты алып кармата бербеспи. Катты карасам, Саадайымдын мончоктой тизилген сулуу колу көзүмө урунду. Мына кубаныч! Көзүм тимеле алачакмактап: катты көкүрөгүмө басып калдым. Сыртындагы конверти дагы ыйык көрүнүп ошол жерден катты акырын жыртып ачтым. Катты кармаган колумда дирилдейт. Ичинде болгону бир актай барактын бетине толор-толбос болуп мончоктой тизип, сулуу жазылган сөздөр. Шыдырата окуп кирдим. Катынын аягында менин көңүлүмдү толкуткан мындай сөздөрү бар: “Нуртай, сени менен коштошпой кеткениме өкүнгөдүрсүң. Ал күнү шаарга кетем деген ой деле жок эле. Атам Маймакта бүгүн поезд болорун айтып келип, мени ошого салып жиберем – деди. Мен эмне кыларымды билбедим. Сен тракторуң менен талаада болчусуң. Анан кетээримде Кызыл-Адырга чыгып сен тарапка карадым. Алыстан тракторуң көрүндү. Ага колумду булгалап кете бердим”. Каттагы анын мындай сөздөрү мени ого бетер эргитти. Кубанганымдан үйдөгү “келин алып кел” деген апамды да бек кучактап калгым келди.. Минтип турганымда анын үйүн карасам, Кызыл-Адырдын түбүнөн баягы чырак бүлбүлдөп жанып туруптур. Ага сыйынгансып колумду сунуп: “Бул катты ал жактан да сага окшогон чырактын жарыгында жазды бекен” деп ойлодум. Күүгүм талаш үйгө да зор кубаныч менен келдим. Үйдөн апам да менин мындай абалымды көрүп:

— Балам, бүгүн дегеле жайдарысың го. Эмне, айлык алдыңбы? – деп сурады. Менин күлкүм келип:

— Жок, апа, — дедим. Айлык алганда да үйгө ушинтип келмей адатым бар. Апам ошонумду эстеп жатат. Бирок бүгүн айлык берген күндөн да бактылуу экендигимди апама айта алганым жок. Анан тез эле анын жанымда жүргөн жалгыз сүрөтүн маңдайыма коюп алып, ага кат жаздым. Көп күндөр өтүп, Саадайымдын бир катынан кийин, кайра такыр кат келбеди. Күн сайын кечинде үйгө барганымда: — Апа кат келдиби? – деп шашып сурайм. Апам: — Кат жок экен. Гезит таштап кетиптир. Деги сага кимден кат келмек эле? Кат кат деп эле турасың. Кат келсе ага алымсынбайт экенсиң? – деп калат. Мен унчукпайм.

Бул апам жүнүн тытып олтуруп, келин кылып киргизгенге мага айылдагы кыздардын баарын атап чыгат. Акырында менин көнүлүмдөгүнү билип тургандай “Бизге тиги Эрматтын кызы эле ылайыктуу – жашынан үй оокатына тың, чыйрак өстү. Атасыда жакшы киши” деп Саадайымды айтып калат Апамдын мындай билгичтигине мен да ичимен кубанып кетем. Анын жакшы кыз экенин апам кайдан билет болду экен деп ойлойм.


<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 Кийинки >>