Кээде жумуштан жадаганымда сайдагы ит мурундун далдасына барып, төш чөнтөгүмдөгү Саадайымдын сүрөтүн тиктеп алам. Ушинтип карап алуудан мага жыргал эч нерсе жок. Ишке кайра кайраттанып кирем. Ошондо биз айдап жаткан кең талааны айланып учкан айры куйрук да көзүмө жакшы көрүнүп кетет.
Минтип андан кат күтүп зарыгып жүргөн күндөрүмдө, тракторумдун карбюратору сынып, станга жөнөдүм. Жол тосо турган жерде Жеңиш деген досумду көруп кубанып кеттим. Ал шаарда окуучу эле. Аны менен учурашып, ал жай сурашкан соң:
— Саадайымды көрдүңбү? – деп ага баятан бери көңүлүмдүн тереңинде турган суроону бере салдым…
— Көргөм, — деди мени сүйүндүрүп. – Окуп жүрөт, — деди. Ал шаардагы айылдаштар чогулганда көрүптүр. Ошого Саадайым да келген экен. Бул мындай турсун, Саадайым турган эжесинин үйүнүн телефон номерин да билген болуп чыкты. Мен аны шак эле чөнтөгүмдөгү блокнотума жазып алдым.
Кеч кирди. Трактористтер үйүнө кайтып жатканда, “менде бир жумуш бар эле” деп сеялканы чыгара салып, почтону көздөй катуу айдадым. Минтип ашыкканым жаман болду. Бир аз жерге барып эле, тракторум лып токтоп өчүп жүрбөй калды.
— Ай! Эми эмне кылдым, — деп алдына жата калып оңдоп жатканымда кудай жалгап “Ой ким бар?” деп Камыш бригадир келе калса болобу. Мен жаткан тракторумдун алдынан ыргып турганымда төбөм темирге бир тийди. Ага деле тоотпой:
— Коке, атыңзды берип коюңузчу? – дедим шашып.
— Мынча эмне болуп кетти. Деги тынччылыкпы? – деди ал. Мен почтого бара турганымды шашып айттым. – Менде да жумуштар бар эле. Мынча шашылыш экенсиң берейин, берейин – деп атынан түштү. Атты ыргып мигенимде эле ат үркүп жулуна ала качтык. Аттын башын шарт буруп, почта турган айылды көздөй салдым.
— Ай акырын жыгыласың, — деп ал артыман кыйкырып калды. Эми Саадайымдын өзү менен сүйлөшөм. Кандай кубаныч! Кубанычтуу күндөрүм мындан ары уланып кетсе экен дейм. Ат үстүндө ушундай кубанычтуу ойлор менен өлөп-желеп болуп келаттым… Мына почта айылдын башына салынгын ак тамда. Анын маңдайындагы талга атымды байлай салып, ашыга кирип барганымда, жалгыз орус аял” олтуруптур. Мен аны менен саламдашып, келген жөнүмдү айттым. Анан өзүнүн көрсөтүүсү боюнча алакандай кагазга ал турган шаарды, бүгүн эле жазып алынган телефон номерди жазып бере салдым. Телефондогу аял ишке киришти. Мен столго олтуруп күтүп олтурдум. Бир маалда “азыр болот деп” айтты орусча. Анда деле тигинин колундагы телефон улам шыңгыр эте калганда, жүрөгүм болк дей түшөт. Мага бекен деп кетем. Мурда такыр телефон аркылуу бирөө менен сүйлөшүп көрө элек элем. Эми Саадайымдын үнүн ушул телефондон угамбы. Ушинтип азыр боло турган окуяга өзүм ишене албай турдум.
Апам: “Келин алып кел” деп жатканын катка жазгамын. Окуса кандай ойдо калды болду экен. Эмне үчүн кат жазбайсың? – дегенимде эмне дейт болду экен. Кат жазбаганыма мынча болуп калды. “Менден кат күтпө” десе эмне кылам. Жок, кантип эле ошентсин – деп мындай жаман ойлордон өзүмдү өзүм да алаксытып, почтонун ичин айланта карап коем.
Бир маалда телефон шыңгыр этти. Трубканы ала коюп – Ало-ало – Фрунзе! Фрунзе – деп ал мага, колундагы трубканы бере салды. Жүрөгүм ого бетер катуу дүкүлдөп, кулагыма тоскон трубканын түүттүут дегени басылды да, андан, — ало – деген кичинекей баланын тунук үнү угулду. Мен ага аптыга – Саадайым барбы? – деп шаша сурадым. – Саадайым дейсизби? – деди ал. – Ооба, Саадайым, — дедим ого бетер шашып.