Инкамал Апай.

— Согушта да ар кандай жаңылуулар боло берет экен – деди Инкамал апай бул уулу жөнүндө. – Өзүмдү чыгармадан окуп отуруп, уулумдан кат күткөн жериме келгенде, зор кайгыга салып, андан жаңылыш кара кагаз келген күн эсиме түшө калат. Кеткендердин бир тобунан кара кагаз келип, айыл ичи да ыйга толуп турган. Анда почточулар да сабатсыз. Биздин Шекерде Кеңеш деген почточу болоор эле. Көптөн бери зарыгып кат албай жүргөн ал мага “Оо Инкамал сага кат” деп оюнда эч нерсе жок, ичинде кара кагазы бар катты тээтигинден сүйүнчүлөп келип берген. Уулумдан кат келсе да, келбесе да алда эмне болуп кетээр экен деп жүрөгүм оозума тыгыла түшчү. Уулумдан кат келбегенине эки айча болуп калган. Келген кат да чоочун баштагы каттарына окшобойт. Сырты печать менен жазылган экен. Анысына деле көңүл бурбай шарт эле ача салсам “сиздин уулуңуз курчоону бузуп өтүүдө баатырларча курман болду” деген орусча жазууну окуганымды билем. Андан ары эмне болгону белгисиз. Жер айлан-көчөк болуп каран түн түшүп калгандай болду. Акыры ушундай болмок экен деп бар болгону он тогуз жаштагы уулумду эстеп абдан кайгырдым. Бул суук кабардан көп өтпөй уулум кызмат өтөгөн бөлүктөн “уулуңар тирүү” деген шашылыш телеграммасы, өлдү деген уулумдун “мен тирүүмүн ата, апа” деп арбандата шашып жазган каты келди. Минтип жазганынан анын колун араң тааныгандан соң, тирүү экендигине ишенип, анан жазган катын өпкүлөдүм. Ал катты минтип арбаңдата жазганы, өзүнүн бүткөн бою шишип, колдору камтууга келбей араңдан зорго жазыптыр. Тимеле кубанычыбыз койнубузга батпады. Өмүрүмдө андай кубанып көргөн эмесмин. Адам андай кезде муундары калчылдап кетет экен. Турмушта да мындай чоң жаңылуулар оңой менен боло бербейт да. Согушта боло берет турбайбы – дешип айылдагы “өлдү” деп кара кагаз алгандар да алда немеден үмүттөнүп калышты.

Көрсө менин согушуп жүргөн уулумдун бөлүгү отуз эки күн курчоодо калышкан экен. Аны бузуп өтүүдө, чуркап бараткан жеринен мина жарылып, уулум топуракка көмүлүп калыптыр. Муну байкабай калган жолдоштору командирине “курман болду” деп айтышыптыр. Бир оокумда эсин жыйып, ордунан турса, башка бөлүктөгү чоочун жоокерлер. Алардан сурашып өз бөлүгүнө келиптир.

Инкамал апайдын ушундай аңгемеси угуп отуруп, ушул эле жазуучунун “Саманчы жолундагы” айрым эпизоддору көз алдыма келе калып жатты. Андагы Толгонай Инкамал апайдай сезилди.

Кетээримде Инкамал апай үй альбомун алып чыгып бир топ сүрөттөрдү көрсөттү. Алар өзүнүн мектепте окуткан окуучулары менен бирге ар кайсы мезгилде тартылыптыр. Андагы айрымдарынын чекелери саргайып кеткен, тээ жыйырманчы, отузунчу жылдардагы сүрөттөр. Инкамал апайдын жаш кезин ушулардан көрүүгө болот. Көптөгөн сүрөттөрдү карап олтуруп анын Чынгыздын окуган классы менен бирге түшкөнүн көрө албадым. Муну Инкамал апайдан сурасам, ал кезде сүрөткө кайдан түшөлү, такыр түшпөптүрбүз – деди.

Мейли кайсы гана жазуучу болбосун анын чыгармасына катышкан турмуштагы башкы каарман болобу, же ага жөн эле катышкан адам болобу, алар менен жолугуп, чыгарма жөнүндө пикир алышуунун өзү жазуучу жазган чыгармасында канчалык турмуштагы реалдуу чындыкка таянып, аны адабияттагы көркөм чындык менен айкалыштырып кеткенин сезүүгө болот. Мен муну жогорудагы Инкамал апайга жолугуудан улам айтып отурам. Анын узак аңгемесинен улуу жазуучунун өспүрүм чагы көз алдыма элестесе, бирде анын согуштагы уулунун “мен тирүүмүн ата, апа” деп жазган каты эсимден кетпей көңүлүмдү толкутат.

Ооба, анын минтип ошондогу жазган каты жөн эле кат эмес, жашоодогу ырдалып бүтпөс жоокердин түбөлүктүү ыры – го. Бул ырды ошол майдандан кайтпай калган ар бир жоокер ушул кезге чейин ырдап турат. Ооба, бул ыр түбөлүк ырдалып бүтпөс ыр. Ошол жоокердин апасы Инкамал апайдын балдарга өтүп жаткан сабагы да бир гана Цейлон аралы жөнүндө сабак эмес. Ал бейпил тынчтыкты бүткүл дүйнө элдерине даңазалап жаткан сабак.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 Кийинки >>