Менде окуганда Чынгыз шаарда жүрүп орус тилди билип калган экен. Сабактардын баарын жакшы окуйт. Ал кезде мойнуна кызыл жагоо тагынган кара тоголок бала болчу. Ошондой болгону менен абдан жоош эле. Башка балдарчылап дем алыш учурунда классты чаңдатып ойночу да эмес. Дайыма ойлуу турганын көрүп калчумун. Мен Чыңгыздын ошондоюн сезип “курган бала атасын эстеп турабы” – деп ичимден сызаар элем.
Ошол кезде окуучулар үйлөрүндө сабакты кандай даярдашат? Ата-энелери сабак даярдаш үчүн шарт түзүп бергенби? Ушуга окшогон иштер менен окуучулардын үйлөрүнө барып турабыз. Көбүнүн үйлөрүндө балдары олтуруп окуй турган столдор жок болор эле. Стол болбосо да тактайдан кичине секиче жасап бергиле дейбиз. Сабакка да келишпей калган балдар болот. Аларга да барабыз. Өзүм мындайга абдан көз сала турганмын. Эртең менен эрте туруп, самоорду коё коюп ал кайнагыча окуучу балдардын үйүн кыдырып келе койчумун. Чынгыздардын турган үйү ошондо бир жалпак там болоор эле. Мен ал үйүнө барып калган кезде, раматылык Нагийма апасы кайрылгыс болуп кеткен күйөөсүнөн түңүлүп:
— Ээ Инкамал, менин башымда турган мүшкүл иш сенин башыңда да туурат. Эми ушул балдарды туура тарбиялап өстүрсөк экен дечү, төрдө сабак окушуп олтурушкан Чынгыздарды көрсөтүп. Ал апасы байкуш оорукчан эле. Согуш учурунда чиедей төрт балдарын бага албай абдан кыйналды. Эми ошол апасынын тилегени келди го деп ойлойм. Чынгыз ошол апасына окшош эле, — деп китептеги сүрөтүн карап койду. – Ошондо эле жокчулуктан тыңып келаткан кези эле. Каргаша болуп анан согуш чыкпадыбы. Ал күндөрдү өзүң окуп келип олтурган окуучум Чынгыздын чыгармасында абдан жакшы айтылган. Окуучумдун ошол чыгармасын окуп, ошондогу өткөн күндөрдү көз алдыма келтирем. Чыгарманын башталышында эле сабакта үшүп олтурушкан ошол кездеги окуучу балдарды эстесем, али да жүрөгүм ачышат. Алар кабыргасы ката элек турушуп ошондогу оор иштерди аткарышпадыбы. Аа чырактарым акыры ошентип көшөрүп олтуруп тилегиңерге жеттиңер го Ырысыңар бар экен. Алдыңар минтип ошол күндөрдү күзгүдө көрсөткөнсүп жазуучу болдуңар деп Чынгызды ойлойм. Мен анда окуучуларга география сабагы менен катар ботаника, зоология сабактарынан берчүмүн. Чыгармадагы Султанмурат, Ажымурат. Анатайлар да менден окушкан. Мырзагул деген болсо Асылкан деген сулуу кыз эле. Класстагы балдардын баары тең аны менен бир партада олтургусу келишчү. Ал кезде окуучуларга китеп-дептер жетишпейт. Алар жарабай турган эски-уску китептердин беттерине жазышып окушчу. Ошондойлорго жазып окуган Чынгыздын колу сулуу эле. Ары эээндүүлүгүн ушул чыгармасынан да сезип туям. Окуп олтуруп өткөн күндөрдүн баары эсиме келет. Баланын унутпай, барын жүрөгүнө сактап жүргөнүн карачы деп, — өзүмчө таң калам. Жада калса ошол кездеги башымдагы жүн жоолугумдан бери жазыптыр. Ооба, ошол кезде менин ошондой жоолугум боло турган. Чыгармасында ошол бойдон сүрөткө түшкөндөй болуп жоолукчан жазылыптырмын.