Чынгыздын колу сулуу болгондуктан мектептеги дубал газетаны да ага жаздырчубуз. Ал өзү да көптү билгиси келип талаптанган элпек дилгир бала болчу. Ошондуктан мектептеги ар кандай кызыктуу иштерине үзбөй катышчу.
Чынгыз биздин үйгө да келип турар эле. Көбүнчө үйдө турган адабий китептерге кызыкчу. Китепти сурап кетип жоготпостон кайра алып келип бере турган.
Бир күнү үй-бүлөбүз менен чай ичип отурсак, Чынгыз капыстан келип калды. Анын эмнеге келгени белгилүү. Келсе эле китепке келет. Кел келегой, деп аны чайга чакырдым. Ал биз менен чай ичип олтуруп, Эмил деген ортончу уулум ал кезде жаңы баскан кези, ошол балам ойноп олтурган колундагы китепти көрө коюп, — “Инкамал апай, тиги китепти окуп келейинчи?” – деп сурап калды. Ал алагой дедим. Чынгыз китепти алып кубанган бойдон кеткен. Азыр ойлосом ал “Маугли” деген сүрөттүү китеп болсо керек эле.
Кийин согуш күчөгөндөн күчөп, ылайыктуу киши калбагандыктан “колу жакшы экен” дешип, Чынгызды окуучунан бошотуп, айылдык Советке секретарь кылып коюшту. Ал кезде Чынгыздын бою кичинекей өзү атка мине албайт. “Сельсоветтин секретары болуп, атка мине албайт. Көтөрүп мингизем. Ушундай атка минер болот экен ээ” – деп айылдагы Кабылбек карыя күлүп жүрчү. Чынгыз Шекерде ушинтип эле өскөн бала болучу, — деп Инкамал апай Чынгыздын айылда өткөн балалык күндөрүнөн айтып бүтүп:
— Анын өмүрүндөгү дагы кызыктар эсимен чыгып кетти. Оору көп нерсени унуттурат экен. Ушу тапта кан басымым жогорулап ооруп жүрөм, — дегенде мен абдан өкүндүм.
Ушинтип өзү катышкан чыгарманын тегерегинде сөз болуп, сөзүбүздүн аягы ушул эле чыгармада айтылган согуштагы уулу жөнүндө болгондо, биз чыгарманын алкагынан чыгып кеткендей болдук.
“Кийинки күндөрү согуштагы жалгыз уулунан кат албай мүңкүрөп жүрөт. Уулу артиллеристердин командири экен. Апай жетине албайт” – деп ал уулунун аты жөнүндө бир да кеп болбостон жөн гана чыгармада ушинтип айтылган жери бар.
Сөзүбүз ушул уулу жөнүндө болгондо, өткөн күндөрүнүн кайгылуу учуру эсине келдиби, Инкамал апайдын көзүнө жаш келе калды. Ал уулунун аты Махмуд экен. Согуштан аман эсен келип, азыр “Советтик Кыргызстан” газетасында иштей тургандыгын айтты. Ал уулу согуш башталгандан тартып акыр аягына чейин болуптур. Чыгармада айтылгандай ал артиллериялык взводдун командири болуптур.