Инкамал Апай.

… Чынгыз менин мектепте окуткан окуучуларымдын бири болгон. Баарын башынан баштап айтайын. Аны окутканга чейин менин мугалим болгонума бир топ убак болуп калган. Мындай мугалим болуп иштеген узак жылдарда, эки зор окуя болуп өттү. Биринчиси Улуу Октябрь Революциясы, экинчиси Улуу Ата Мекендик согуш. Бул эки катаал жылдарда тең менин окуткан окуучуларым болду. Ал окуучуларымдын мектепте окуган мезгилдери ар башка болсо да заманга жараша мүнөздөрүнүн туруктуулугу, чыдамкайлуулугу бирдей болду. Эл башына түшкөн эчендеген азаптарды кошо көтөрүштү. Эч нерсе жетишпейт деп кол куушуруп олтуруп алышкан жок. Ушул окуучуларымдын кайрылуусунан улам Инкамал апай деген атка кондум. Өз атым Меңкамал болчу. Туулган кезимде маңдайымда мең бар экен. Ата-энем ушундан улам “Меңкамал” деп коюшуптур.

Инкамал апайдын ушинтип айтканынан улам, мектептеги кызыл жагоочон такыр баш окуучу балдардын “Инкамал апа” мен айтайынчы дешип жабапакташып кол көтөрүшкөндөрү көз алдыма келе калып жатты. Анын өз атын өзгөрткөн да ушулар болуптур.

Инкамал апай жашынан биздин элде иштеп калгандыктанбы өзүнүн улуту татар болсо да кыргызчаны таптак сүйлөп жатты – Мугалимдик кесибим алгач өзүм туулуп өскөн Токмоктогу жетим балдар интернатында жыйырманчы жылы башталган, — деп аңгемесин улантты.

— Мен алгач мугалим болгон жылы Совет өкмөтү жаңыдан чыгып тап күрөшү курчуп турган кез…

Ошондой кыйын шартта окушкан кыргыз элинин көрүнүктүү уулдарынан болушкан А.Боталиев, А.Токтомушев, С.Сасыкбаев, Т.Саманчиндер менин колумда окуп калышты. Булар Совет бийлигин Кыргызстанга орнотуу жылдарындагы жалындуу революциянын жалынына чарпылып өсүшкөн окуучуларым эле.

— Эми согуш жылдарындагы окуучуларыман: жазуучу Чынгыз, анын иниси Ильгиз (Кыргыз илимдер академиясынын тоо кен институтунун директору, техника илимдеринин кандидаты). Артист К.Медетбеков (Кыргыз ССРинин эл артисти), мугалим Сейталы Бекманбетовдор (Эл агартуунун отличниги, Шекер орто мектебинин директору).

— Ушул согуш жылдарындагы окуучуларымдын катарына кирген Чынгызды мен Шекер айылында 2-класстан баштап окуттум, — деп улады Инкамал апай, улуу жазуучу жөнүндө аңгемесин.

— Чынгыздын чоң атасы Айтматтын Күркүрөө суусунун боюнда эски тегирменинин дубалдары турганын көрөр элем. Эл аны Айтматтын тегирмени дешчү. Мектеп айылдын үстү жагындагы дөңсөөдө эле – деди Инкамал апай. Жазуучунун чыгармасында “Мектеп айылдан жогору. Бийик дөңсөдө”, — деп айтылат. Анын ушундай аңгемеси менен өзү катышкан чыгарманын ичине кирип бараткандай болдук.

— Мектептин айланасына жыл сайын окуучулар менен бак тигебиз. Азыркы кезде биз сайган ошондогу чырпыктар эски мектептин ордунда чынар болушту.


<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 Кийинки >>