Инкамал Апай.

Райондун борбору болгон Киров кыштагына келип түшөр замат “Алтынай кафеси” деп сулуу жазылган кооз кафе көрүндү. Бул кафе чакан шаарды элестеткен Киров кыштагын өзгөчө көркүнө чыгарып турат экен. Кафе жазуучунун дагы бир чыгармасындагы каарманын эске салат. Деги бул сапарым абдан кызык болду. Жазуучунун “Эрте келген турналарындагы” мугалим Инкамал апайга жолугууга баратсам, ушул эле жазуучунун дагы бир каарманы минтип кооз кафенин атын атап турат. Мунун өзү элибиз жазуучунун чыгармаларын ыйык туткандагысынын дагы бир белгиси. Анын чыгармаларындагы каармандардын аты менен минтип кафелердин аттары аталууда.

Ушул кыштактагы чөнтөк дептериме жазып алган адрес боюнча Инкамал апай турган үйдүн каалгасын черткенимде, эшикти жапалдаш бойлуу, улгайган эне ачты. Мен ага шашып кетип. – Амансыздарбы эне, Инкамал апай ушул үйдө турабы? – дей салдым. Мага таң кала карап – “Ии айланайын, келгиле. Ошол мен болом, — дебеспи. Мен апкаарып кетип босогодо бутумду чече албай кайсалап олтуруп араң чечтим. Жазуучунун тээ өткөн согуш жылдарын баяндаган чыгармасындагы катышкан адамга алгачкы кездешүүм ушундайча болду.

Чыгармада Инкамал апайдын өңү-башы сүрөттөлгөн эмес. Жазуучунун бардык эле чыгармаларында каармандардын өң келбети, кебете-кешпири жөнүндө бир да сөз болбосо да, алардын бүт турпаты окурмандардын көз алдына жаратылышында кандай болсо ошондой болуп элестеп турат. Чыгармадагы мындай көрүнүштүн өзү эле каармандардын образын ачуудагы жазуучунун калемине таандык чеберчилиги. Мындай чеберчилиги менен жанымда олтурган Инкамал апайды да “Ирик түймө жүн жоолугун ороно салынса да” деп эле элестүү айтып бой келбети жөнүндө бир да сөз кылбайт. Азыр болсо Инкамал апайды көңүл коё карадым. Албетте андан бери канча убакыт өтүп, ал кездегиден таптакыр өзгөрүлгөнүн жүзүндөгү бырыштар эле айтып турат. Көкүрөгүндө “Эл агартуунун отличниги” деген значогу бар. Чыгармадагы Инкамал апай азыр бул жазуучунун “Фудзиямадагы кадыр түнүндөгү” мугалим Айша апага окшоп улгайып калыптыр.

Терезеден күздүн бүркөк асманы көрүнөт. Үйдө кичинекей небереси уктап жатат. Уулу келини экөө тең өз жумуштарында экен…

Сөзүмдү эмнеден баштаарымды билбей, – “Майрамыңыз менен Инкамал апай!” – дедим. Ал: — ырахмат, ырахмат айланайын! – деди. Анткени мен барган күн, туура мугалимдер Күнү эле. Бул ыйык мугалим апайга жолугууну атайы ушул мугалимдер Күнүн болжоп алгам. Келгениме жараша минтип үйүндө бар болуп чыкты. Мен ушуга ичимден кубандым.

Инкамал апай менин келген жайымды билген соң:

— Ооба, ошол Чынгыздын чыгармасындагы Инкамал апай мен болом, — деп колумдагы өзү жөнүндөгү китепти колуна алып тунжурап ойго чөгө түштү да, аңгемесин баштады.


<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 Кийинки >>