— Чыгармаларыңыздагы каармандардын прототиптери жөнүндө айтып өтсөңүз!
— Жазуучу чыгармаларындагы каармандардын бардыгын эле турмуштан алат. Өзүнө абдан таасир бергенин, толкундантканын жазат. Булардын ичинен менин чыгармаларымдагы каармандарымдын прототиптерине келе турган болсок, “Таң алдындагы” каарманым – Алымкул, Антон, “Солдат электеги” Тынымсейит, “Мезгил учаттагы” Жапар, накта турмуштагы эле адамдар. Алымкулдун аты кандай болсо чыгармага деле өзүнүн ысымы менен кирди. Ал чыгармада кандай иш кылган болсо турмушта деле ошондой болгон. Ал эми Антон болсо Иван деген орус адам эле. 1916-жылдагы көтөрүлүштө элибиз менен бирге болгон. “Солдат электеги” Тынымсейит аты деле Тыным. Мен муну менен бирге окудум. Жаш кезимде шайыр жаркылдап жигит болгон. Азыр бар чыгармамда деле ошол бойдон катышты.
Ал эми “Жараланган жүрөк” повестиндеги Бектурган карыянын образы жалпылаштырылып берилген. Бул чыгармада өзүм бармын.
— Жогоруда сиздин чыгармаңызды адабиятыбызда мелмилдеп турган деңиз сыяктуу деп айттык. Анткени, поэзияңыз болсун драмаңыз болсун элибиздин арасында унутулгус болуп орун тапты. Кыскасы чыгармаларыңыздан адабияттын бардык жанрларын көрүүгө болот. Сизге жанрлардын ичинен кайсынысы жакын сезилет!
— Поэзияны айтамын. Алгач калам кармаганда ыр жазгам. Өзүңөргө белгилүү бардык жанрда жазып калганым учурга байланыштуу болду. Адабиятыбыз жаңыдан түптөлө баштаганда жаза тургандар жок бардыгын жазууга ошо муундагы акын, жазуучулар биздин үлүшүбүзгө туура келди. Поэзиялык чыгармалардын ичинен рифмага бай болуп, өтө эркин жазгандыгым “Туткун Марат” деген дастаным болду. Ушул чыгармамдын жазылышын эстесем, ыр деген менден ошондо жөн эле агып турган экен деп ойлойм. Элибизге белгилүү котормочу жазуучу У.Абдукаимов экөөбүз Москвага жөнөп калдык. Жолдо мен ушул дастанымды жаза баштадым. Узакбайдын колу сулуу болучу. Ал менин жазгандарымды көчүрүп “Кызыл Кыргызстан” газетасына жибере берди. Чыгарма ушинтип бат эле жазылып бүткөн.
— Сиз чыгармаларыңыздын үстүндө кайсы убакта иштейсиз!
— Көбүнчө түн ичинде иштейм. Жаш кезимде күндүз иштер менен жүрүп, чыгарманы дайыма түндө жазаар элем. Ал кезде иштеп олтурганымда, бир пачке чылым түгөнгүчө жазып олтура берчүмүн. Кыркынчы жылдары ушул олтурган үйүмдө Ө. Жакишев, К. Баялинов, Т.Сыдыкбековдор болуп чогуу турчубуз. Болгону бөлмөлөрүбүз бөлөк. Мен анда ушул олтурган үйүмдүн астыңкы кабатында эки кичинекей бөлмөдө сегиз жан турар элек. Чыгарма жазууга келгенде үйдө шарт жогуна карабастан, жаза берчүмүн. Үйдө балдарым бапырап ойноп, койнума асылып эле жатышчу. Кийин бул үй толугу менен мага тийип калды. Шарт жакшы.
— Ушул күндө эмненин үстүндө иштеп жатасыз!
— Башта окурмандарыма “Көк Ойрок” деген поэма жазып жатканымды кабардар кылдым эле. Ал турмак бул поэмадан “Советтик Кыргызстанга” үзүндү жарыялагам. Азыр муну аяктап койдум. Басмага берүүгө шашылбай дагы жакшылап кайрадан караймын. Башта жазамын деп өздүк архивиме америкалык “Стеман” деген капиталист жөнүндө чакан поэма баштап койгон экемин. Эми ошону таап бүтүрүп басмага сунуш кылдым.
— Адамдагы кайсы сапатты жогору баалайсыз!
— Мен адамдагы эң жакшы сапат — боорукерлик деп ойлойм. Өзүңөргө белгилүү, мен жокчулуктун азабынан көп тарттым. Курсак ачып, кайыр сураган күндөрүм да болду. Анда мен башкаларчылап ар нерсени айтып жалынып жалбарып нан сурачу эмесмин. Элибиздин белгилүү акыны Ы. Шайбековдун “Кайран эл” деген поэмасынан үзүндү айтып жиберчүмүн. Ошондо карап тургандар бул бечарага бер дешчү. Ушундай азаптуу күндөрдө мен минтип ойлоор элем. Колумда бар болсо боорукер болуп, адамдарга жардам берсем, алардан эч нерсе сурабасам дечүмүн. Мына бүгүнкү жыргал заманда колумдан келишинче адамдарга жардам берүүгө аракеттенем. Бул оюма далил өткөн жылдары “Кыргызстан” басмасына жаш акын жазуучулардын жыйнактарын чыгарууга жардам иретинде он жети миң сом акча бергем. Мына өзүң деле байкаган чыгарсың, үйүмдө көзгө жылтырап көрүнгөн эч нерсе жок. Бир гана керектүү нерселер. Адамдагы бир-бирине болгон кайрыдуулукту, жылуу мамилени, чынчылдыкты жогору баалайм.
— Аңгемеңиз үчүн чоң рахмат. Сизге чың ден соолук каалайбыз.
— Эми жаштар силер өзүңөр да адабиятка ишенимдүү кадам таштагыла. Биз али жашбыз деп камаарабастан жүрүп албагыла. Убакыт деген тез өтөт. Орустун дүйнөлүк классикасында М. Лермонтов, С. Есенин канча жашта дүйнөдөн өткөнүн жакшы билесиңер…
