Аалы Токомбаев Маек.

— Сиздин сүрөттөрүңүздүн арасында жалпы элибиз үчүн эң ыйык сүрөт бар. Ал сүрөттү СССР жазуучуларынын I съездинде совет адабиятында социалисттик реализм методун негиздөөчүсү М.Горький менен бирдикте ар кайсы элдердин делегаттары болуп түшкөнсүз. Азыр бул сүрөтүңүз формасы боюнча улуттук мазмуну боюнча социалисттик адабиятыбыздын алгачкы жаралышын көз алдыга элестетет. Эми ушул сүрөттө тургандардын айрымдары менен тааныштырып кетсеңиз!

— Ал учурдан бери көп жыл өттү. Съезд учурундагы дем алышта Горький менен капыстан кол алышып калганым эсимде. Манжалары узун, чоң алаканында менин колум кичинекей болуп калды. Съезд өтүп күндөрдүн биринде биз Горькийдин дачасындагы кечеге чакырылып калдык. Бул сүрөттү ошондо түшкөнбүз, биз анын дачасына жаңыдан барган кезибизде М.Горький өзү тосуп алып алгач үйү менен тааныштырып чыкты. Биз аны чогуубуз менен жөжөлөрдөй болуп ээрчип алдык. Сүрөтчүлөр болсо аппараттарын чыкылдатып көп эле сүрөткө тартып жатышты. Анда Горький жайдары болуп: “Силер бизди көп эле атып жатасыңар, качан жыгылаар экенбиз” – деп тамашалады эле. Ошондогу сүрөттөрдүн бири ушул. Бул сүрөттү Москвадагы М.Горькийдин азыркы кездеги үй музейинен тарттырып алгамын. Бизди чакырган дачасы, ушул күндө музей болуп турат. Москвага барганымда ага дайыма барып турам. Анда Горькийдин жээн небереси Марфа Алексеевнага жолугам, ал музейдин жетекчиси экен. Сүрөт силердин газетаңарга да жарыяланган. Киночулар мен жөнүндөгү тартышкан фильмге да түшүрүштү. Эми сүрөттө тургандарды айта турган болсок тажик элинин улуу жазуучусу С.Айни, боордош казак совет адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири И.Жансугуров; “Мен ал кезде жаш болгонугумдан сүрөттө тургандардын эң артында болуп, кичине эле көрүнүп турам.”

— Эми “Таң алдында”, “Токтогул” романдарыңыздын жазылыш тарыхына токтолсоңуз!

— Ыр менен жазылган алгачкы романымдын үстүндө 30 жылча эмгектендим. Андагы болгон окуяларды өз көзүм менен көргөндүктөн, жазып жатканымда коркуп кетчи элем. Чыгармада кыргыз элинин аң-сезиминин өсүп-өнүгүүсү жөнүндө болгондон улам көтөрүлүшкө катышкан көп адамдар менен жолугуп материал чогултууга туура келди. Элдик көтөрүлүштөрдү изилдеп жыйнаган орус тарыхчысы Неолланын китебинен да пайдаландым. Анын китеби “Сборник документы Неолла” деп аталат. Китеп Ташкенттен чыккан.

Ал эми элибиздин улуу демократ акыны Т. Сатылганов жөнүндөгү романымды ушул убакка чейин окурмандарга толугу менен сунуш кыла элекмин. Буга ар кандай себептер болду. Ошондой болсо да чыгарманы толугу менен жазууга тийишмин. Колумда акындын тагдыры жөнүндө материалдар бар. Аларды чогултууга Анжиан, Ташкент, Ленинград шаарларынын архивдеринде болдум. Бул жерлерден Токтогулдун көтөрүлүшкө катышкандыгы тууралуу документтерди тапкамын. Баарынан да мурда чыгарма жазууга түрткү бергендиги мага баалуу материал болуп, Токтогул акынды өз көзүм менен көрүп калганым болду. Ушул борбор шаарыбызда 1928-жылы элдик таланттардын кароосу өткөрүлүп калды. Буга республикабыздын туш тарабынан комузчу, ырчылар чакырылды. Токтогул ошондо борбор шаарыбызга келген. Орто бойлуу, эткээл, шайыр, жаркылдаган киши экен. Ошол күндөрдө Токтогул Ш. Көкенов деген журналисттик үйүндө бир топ ырчылар менен конокто болушкан. Комузда абдан кол ойнотуп чертчү. Топусу тегеренип кетээр эле. Токтогулдай кол ойнотуп комуз черткенин кийин ырчылардан көрө алганым жок. Калык ырчы бир аз турачу.


<< Мурунку 1 2 3 4 5 Кийинки >>