Аалы Токомбаев Маек.

— Жарым кылымдан ашуун убакыттан кийин минтип ал китепти кайрадан барактап олтурабыз. Китептин тамгалары араб алфавитинде болгондуктан, азыркы көпчүлүк окурмандар окуй алышпайт. Ушуга байланыштуу ал кириш сөздөрдү окурмандарга өзүңүз окуп таныштыра кетсеңиз. (Аалыке көз айнегин кийип мындан туура элүү сегиз жыл мурда чыккан тунгуч жыйнагындагы ал кездеги Орто Азия бюросунун кызматкери О. Кожобековдун жазган кириш сөзүн окуй баштады. Ал “Бет ачар” деген теманын алдында китептин алгачкы бетинде минтип башталат экен)… “Биздин кыргыз калкы басма сөзгө өтө эле жарды экендигин айтпасак да белгилүү. Басма сөзгө бай болбогон журттун көркөм адабияты дагы болбойт. Биздин кыргыз калкына адабиятка ээ болуп көрүнүүгө чыккан адамдарыбыз өтө аз, жок десек да болот. Илим-билим жолуна кадам коюп олтурганыбыз кечеги кеңеш өкмөтү башталгандан гана бери. Ошон үчүн биздин акындарыбыздын бири болгон жолдош Аалынын ушул Ленин тууралуу жазган өлөң ырлары эң биринчи калам кармап адабиятка киришкен кезиндегиси. Жолдош Аалынын бул ырлары биринчи жана билими тайыз кезинде жазылгандыктан, кээ бир жерлеринде жетишпегендиги бардыр “акыл жаштан, асыл таштан” деген макал бар эмеспи? Бара-бара кыйшык жерлерин оңдоп, кем-кемин толтурмакчы. Деген жерден кемтиксиз. Пушкиндей акындарды табуу кыйын. Күлүктү биринчи чапканда эле сыноо болбойт. Аны таптап бир канча айдан кийин гана билүү керек. Мына ошондо гана күлүккө ээ болуп баа бере алмакчыбыз. Жолдош Аалы Токомбай уулу дагы жаш күлүк, жаш акын. Мындан ары караңгы калкына каламы менен кызмат кылып кенже калктардын жогун жоктоп көздөрүн ачып көкүрөктөрүн ойготуусуна себепкер болууна да шек жок. Жолдош Аалынын жазган өлөң – ырларынын көбү саясий жагынан көп маалымат берет. Себеби калам кармагандан берки тарбиясы саясат менен байланышкан кийинки кездерде жалпы эл тууралуу жазган өлөң ырлары мурункусунан алда канча салмактуу. Ушул кийинки өлөңдөрүнүн кыргыздын билим комисиясына жартысы берилген. Калгандары жакында берилмекчи. Азырынча жолдош Аалынын ушул бет ачары менен таанышып дыгы келечектеги кайраттуу каламынын жемиштүү болорун күтөбүз.

— Сиздин адабияттагы тушооңузду ал кездеги партиялык кызматкер О.Кожобеков кесиптир. Туңгуч жыйнагыңызга ал ак тилеги билдирип баш сөзүн жазып жатканда сиз болгону жаңыдан ыр жазып жүргөн адабияттык талапкери экенсиз. Ошентсе да, сиздеги талант менен шыкты сезип, О.Кожобековдун баш сөзү азыркы кездеги сиздин чыгармачылыгыңыздагы символдуу белги сыяктанып калды.

Тарых дүйнөсүнө сүңгүп кирип бараткандай болобуз. Эми туңгуч жыйнагыңыздагы өзүңүздүн жазган кириш сөздү да окуп тааныштыра кетсеңиз.

— Жакшы болот. Аз да болсо өткөндөргө кайрадан кайрылып жатабыз. Ушундан улам мен да окугум келип турат. Андан кийин өзүмдүн жазган кириш сөзүм “Жазуучудан” деген теманын алдында мындайча жазылган: “… Колуңардагы Ленин тууралуу китебимдин жазылган 1924-жыл болсо да ортосунан 3 жыл өткөрүлүп басылып отурат. Мунун себеби бул өлөң ырлар 25-26-жылдын ортосунда кыргыз билим комиссиясына тапшырылган. Ошол бойдон быйыл барсам, текшерибей эле жатыптыр. (Текшерүү үчүн жаңы гана комиссия түзүлүптүр). Ошондуктан оңдоп берейин деп кайтып алып алдым. Бүтүрүп берүүгө колум тийбей олтуруп акырында (истпарт) Орто Азия бюросунун партия тарыхын жыйноочу бөлүмү алып бастырып олтурат. Бул өлөң ырлардын ичинде илгеркиче жокту бар кылган апыртма жок. Кеменгердин кылган ишин сызган жолун көңүлдөгүдөй толук жазбасам да болгонун жаздым. Ошондой болсо да Лениндин ар бир жагын ташка тамга баскандай кылып жаздым деп айтууга күчүм да келбейт. Бул өлөң ырлар мындан 3 жыл мурун билимдин тайыз жана журт адаты күчтүү кезинде жазылган. Бул өлөң ырлар Кыргызстанга окшогон билими кенже калктын кедей-дыйкан дарынын Ленин тууралуу тийиштүү жемишин берер деймин.

Аалы Токомбай уулу, 1927 жыл. 12/1 Ташкент”. Китепке жазылган кириш сөздөн улам ал кездеги биздин билим деңгээлибизди байкаган чыгаарсыңар. Андагы ырлар болсо элдик фольклордун таасиринде жазылган эле. Мына ушул китеп басылып чыккандан кийин менин кубанычымды айтпа. Бир чети бирге окугандар болуп таң калдык. Ошондо басманын кызматкерлери эми “гонорар” аласың дешти. Бул сөз мага “генерал” дегендей угулуп таң калып кеткеним да эсимде. Ушул сөздү биринчи ошол жерден уккам. Ошондуктан Ташкент өз үнүмө ээ болгон өмүрүмдөгү алгачкы Чолпон жылдызым. Дал ушул жерде биринчи кат сабатым жоюлуп, биринчи ырлар жыйнагым чыккан, деп жогорудагы китептен улам сыймыктануу менен айтам.


<< Мурунку 1 2 3 4 5 Кийинки >>