— САКУда окуп жүргөнүңуздө казак тилинде чыгуучу “Чолпон” атту журналына “Курманбек” эпосунан үзүндү жарыялаган экенсиз. Ушул жөнүндө токтоло кетсеңиз!
— Жаңы окуп жүргөн жылдары кыргыздын алгачкы интеллигенттеринин бири, коомдук ишмер Базаркул Данияров ошол шаарда казак кыргыз институтун бүтүрүп жаткан экен. Ал бизге келип сабак берет. Менин элдик эпос дастандарды биле турганымды билип, бир күнү ал мага мындай деп кайрылып калды. “Айлыңда бежиреп эле бир нерселерди айтып жүрчү эмес белең, кагазга жазып берчи”. Мен Курманбектен билгендеримди кара сөзгө айландырып жазып айрым жерлерин ыр менен бердим. Дагы бир күнү жолукканда ал мага “Ме буга сүрөткө түшүп, лимонад ичип кой” – деп үч сом акча берди. Көрсө, баягы эпосту “Чолпон” деген казак журналына чыгарып калем акы алыптыр.
— Адабиятыбызда сиздин чыгармачылыгыңыз мелмилдеген деңиз сыяктанат. Чыгармачылыгыңыздын башталышынан тартып бүгүнкү күнгө чейин жарык көргөн китептериңизди эсептеп көрсөк, сексенден ашуун болуптур. Мына ушул жыйнактарыңыздын көчүн баштаган эң туңгуч китебиңиз “Ленин тууралуу” деген ат менен 1927-жылы Ташкент шаарынан басылып чыгыптыр. Бул жыйнагыңыз кыргыз тилинде Совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы улуу көсөм жөнүндөгү китептерден болгондуктан шаарыбыздагы В.И. Лениндин борбордук музейинин филиалында баалуу экспонат болуп сакталып турат. Ар бир чыгарманын жазылыш тарыхы бар эмеспи. Ал китебиңиздеги ырлардын жазылышы, ошо кезде ал ырларыңыздын өзүнчө жыйнак болуп чыгышынын өзү да бизди кызыктырат.
— Албетте, ал китептин темасына арналган алгачкы жазган ырларым болучу. Мен Лениндин ысымын 1917-жылы эле уккам. Ленинге болгон элдик урматтоо, сүйүү кыргыз эли үчүн өлчөмсүз кубаныч болучу. Мына өзүм да ошол улуу Лениндин ысымындагы окуу жайда окудум. Ошол кезде кай бир жумушчулар Лениндин пальточон, шапкечен түшкөн сүрөтүнө окшоп кетер эле. Бөтөнчө шапкеси окшош кишилерди көргөндө далайга чейин акмалап: “Бул Ленин эмес бекен, же анын туугандары эмес бекен?” – деп ойлочумун. Кийин Лениндин ким экендигин ачыгыраак түшүнгөндө Ленин жөнүндө ыр жазууну ыйык максат кылгам. “Ленин өлдү” деген кабар келди. Ленин өлүүгө мүмкүн эмес эле! “Өлдү” деген кабар дүйнөнү бүркөп жибергенсиди, жүрөк өрткө айланды, көздөн аккан жашым менен бирге кошок ырлар чыга келди. Таң атканча кирпик какпай олтуруп ыр жаздым. Ленинге болгон элдик махабатын, муңун жана анын өлбөстүгүн баяндаган “Ленин жөнүндө” деген эки дептер ыр таң атканча даяр болду. Окуу жайдагы көп нускалуу “Интернационал” деген газетага “Ленин кошогу” деген бөлүгү жарыяланды. Интернационалдын татарча аты “Байналминал” эле. Анда жазган ырларымды өзүнчө жыйнак кылып чыгаруу оюма кайдан келиптир. Орто Азия бюросунда иштешкен Осмонкул Кожобеков, Калим Рахматулин биздин окуу жайга келишип, дубал газеталардан кыргыз жаштарынын жазган чыгармаларын окушуп, кеңештерин берише турган. Менин Ленин жөнүндө жазган ырларымды окушуптур. Алардын бири Осмонкул Кожобеков: “Лениндин кошогун” сен жаздыңбы? Эң көп тура, акынсың, жүр, сен өзүң окуп берчи. “Байналминалга” барып чыгардыңбы?” – деди. “Жок мына мунусун эле” – деп, көк дептеримдин бирөөсүн көрсөттүм. О. Кожобеков дептердин бирөөнү ала коюп колу жакшы Бектуров Жусуп деген балага бере коюп, ага минтип айтты:
— «Ме, Аалынын дептерин сен көчүрүп жазып чык. Сенин колуң сулуу эмеспи эртең даяр болсун. Мен өзүм конверт ала келем. Бул ырды Кыргызстанга жиберем.» Анда “Ак Центр” деген мекеме бар. Алар китеп кылып чыгарышат. Калим экөөбүздүн бирибиз, бет ачарын жазабыз, — десе болобу. Ошентип почта аркылуу салып жибердик. Бул жактан эки жылга чейин эч кабар болбоду. Баягы жиберген ырларың эмне болду деп О.Кожобеков жолуккан кезде сурай калат. Мен эч кандай дарек жок дейм. Акырында ырларымды Пишпек шаарына келип алып кеттим.
1927-жылы окуубузду аяктап калган мезгил эле. Ушул жылы Орто Азия бюросунда Лениндин дүйнөдөн
кайткан күнүнүн үч жылдыгын эскерип ар кайсы улуттагы элдердин улуу көсөм жөнүндөгү ыр, легендаларын
өзүнчө жыйнак кылып чыгаруу болуп жатыптыр. Мага О.Кожобеков келип, менин баягы ырларымды бер деп алып
кеткен. Ошондо менин ырларым жарап калат. Андан кийин өзүнчө жыйнак болуп жети күндүн ичинде басылып
чыкты. Бар болгону 2500 тираж менен басылып 70 беттен турат. Китептин ички бетиндеги ырлар менен кошо
Лениндин ар кайсы курагындагы сүрөттөрү кошо басылган. Анын алгачкы беттеринде О.Кожобековдун ошондой
эле өзүмдүн жазган бет ачар кириш сөздөрүбүз бар.