Тоо элинин тун романы.

1956-жылы кышында Кайсын экөөбүз Караколдун Ак-Суу курортунда иштеп калдык. Ал “Тоо арасынданы” орус тилине кызуу которуп жаткан кезде, партиябыздын XX съезди ачылды. Ошондон баштап Кайсындын көңүлү алагды болуп, кызуу жүрүп жаткан иши бошоңдоду. Ошонун кесепетинен айрыкча, китептин экинчи бөлүмү жүр-нары которулду. Съездден кийин Кулиев Москвага кетти. Биринчи китептин толук которубай калган главаларын жана Кайсын жетише албай калган жерлерин толуктап, жетилте которуу ишин Кайсындын өзүнүн макулдугу менен Олжобай Орозбаев бүтүрдү. Ошондой шартта которулганына карабай, китеп ошол эле котормодо орус тилинде ушул кезге дейре Маал-маал көп нускада басылып келатыры. Орус тили аркылуу роман украин жана тажик тилинде жарык көрдү. Түп-нускаынан казак жана өзүбек тилинде чыкты.

— Баса Түкө, бул романдын экинчи китебин орус тилинде которгон Ч. Айтматов бүгүнкү күндө ааламга таанымал жазуучу. Ал жакында эле 75 жашка толгон юбилейиңиздеги казганактаган көпчүлүктүн алдында “… ушул чыгарманы которгонума бактылуумун. Борбордук басмалардын биринен “Кыргыз романдары” деген серияда Түкөм экөөбүздүн чыгармабыз орус тилинде бир жыйнакка бириктирилип басылып чыкмакчы. Мен ушуга кубанам” – деп айтканы эсибизде.

— Келечегинен чоң үмүт кылган, бир четинен замандаш, бир чети каламдаш инимдин алгачкы аңгемелерин окугандан тартып эле чыгармачылык ийгилигине ниеттеш болгомун. Аны таланттуу уулубуз зор ийгилик менен актап келатат. Бактылуумун деп Чыңгыз айтса, тээ, ошол жаш кезинде эле “Тоо арасында” романынын экинчи китебин жеткилең которуп менин элүү жылдыгыма “Тоо бөксөрбөйт” деп, “Литературная газетага” сөз айтышы мага чоң кубат болду.

Чамамдын келишинче мен да чыгармачылык ишке такай олтурдум. Андан бери “Зайыптар”, “Көк асаба”, “Ыманбай пейили”, “Сыр ачуу”, “Курбулар”, “Жол” аттуу романдар, он чакты чакан повесттер, ондогон аңгемелер жазылды. Ошондой эле “Адамга кайрылуу”, “Ашууда” деген ырлар жыйнактарым жарык көрдү. “Мезгил сабактары” деген ар кайсы убакта жазылган көркөм публицистикалардын топтому окуучуларга жетти. “Табылгалар” аттуу китебим жакында чыкмакчы. Китеп эскермелер, маектер, макалалардан турат.

— Түкө, адабиятыбыздагы туңгуч роман – “Тоо арасында” А.Осмоновдун макаласынан кийин эки жыл кечигип, 1937-жылы чыгыптыр. Андан бери мына, элүү жыл болду. Чынында эле бул кыргыз адабиятынын тарыхында сөзгө алына турган окуя. Андан бери роман көп жолу басылып чыкты. 1986-жылы эле “Кыргызстан” басмасы эки томдон турган чыгармалар жыйнагыңызды кайрадан басып чыгарды. Андан окурмандар “Тоо арасында” романыңыз менен дагы бир жолу таанышып чыгууга мүмкүндүк алышты. Бул чыгарманын идеялык мазмуну, сүрөттөлгөн турмуштун боёгу көөнөрбөй мезгил менен тең адымдап келаткандыгын көрсөтөт.

<< Мурунку 1 2 3 Кийинки >>