Тоо элинин тун романы.

Романды экинчи редакциялаган себебим, дегеле жалпы адабиятта башынан болуп келаткан тажрыйбаны улагандыгым. Албетте романды редакциялоого кетирген убактымды дагы бир жаңы чыгарма жазууга жумшасам деле болмок. Бирок адабиятта чыгармачылык жооптуулукту сезе билбөө – жазуучу үчүн кечиримсиз иш. Өз тажрыйбамда бир сыйра жазган боюнча жашап калат го деген эмгектерим бар. Алар: “Темир” романы”, “Көк серек” аңгемеси; быйыл жаңы жазылган “Кудук” повести, дагы ушулар сыяктуулар. Мен бул чыгармаларымды көздөн экинчи өткөзүүгө аракеттендим. Бирок негедир колум барбады.

— Сөз окурмандардын колунда жарым кылымдан бери келаткан “Тоо арасында” романы жөнүндө болуп жаткандыктан, бул чыгармага учурунда жарыяланган сындарга да токтоло кетели. 1938-жылы романдын экинчи китеби жарыкка чыкканда М. Элебаев “Кызыл Кыргызстан” газетасына чыгармаңыздагы кемчиликтерди айтып келип, өз оюн мындайча жыйынтыктайт: “… Ушундай жерлерин талкуулабай, текшербей туруп бул китепти (“Кең-Суу” романын – К.Ө.) ушул калыбында журтка пайдалана бер деп унчукпай коё берсек – бул коомго зыян келтиргенибиз болор деп ойлоймун. Ошондуктан бул китеп көп таралып кете элек кезинде тезинен кайра жыйдыруу керек…” – деп жазса, ушул эле газетанын дагы бир санында М.Дөгдүров: “… Большевиктик партия өзүнүн XV съездинин директивасы боюнча кедей-дыйкандарга бекем таянып, орто дыйкандар менен болгон союзду чыңдап, кулактарга, бай-манаптарга жана алардын агентураларына каршы чечкиндүү күрөш жүргүзгөн жеке чарбага караганда коомдук коллективдик чарбанын артыкчылыгын эмгекчил дыйкандар массасына биздин партиябыз айкын-ачык түшүндүрүүдө.

Ал эми биз Түгөлбайдын китебинде эмнени көрөбүз. Кедей жана орто дыйкандардын негизги массалары колхоздун маанисин ачык түшүнбөйт…” – деп жазат. Жогоруда айтылган пикирлерге учурунда кандай карадыңыз?

— Сынга абдан көтөрүмдүүлүк, салкын кандуулук менен карадым. Себеби сынчы ак дил менен чыгармага калыс ой айтса жазуучуга пайдадан башка зыяны жок. Эгерде сын калыстыктан кайтып бир беткей сүйлөп жатып алса, жазуучу аны өтө токтоолук менен тоготпой койгону оң, “Кең-Суунун” экинчи китеби сынга алынганда андай пикирлер мени ынандырбады. Не дегенде, ошол эле Мухамбет Дөгдүров мурда романдын колжазмасынын айрым гана кемчиликтерин белгилей, жакшы баа берген, рецензия жазган. Ал эми мезгил бир аз өзгөрүп, жок жерден эл душмандары чыгып калган кезде “Түгөлбай Сыдыкбеков кулактарга, молдолорго Совет бийлигин жамандоого трибуна берген” – деп айтып олтурат. Аны автор кабыл алган жок. Себеби бул доо түпкүлүгүндө туура эместиги белгилүү эле. Роман эч оңдолбостон 40-жылы экинчи жолу басылды. Кызык көрүнүш, ошол мурдагы айтылган сын-пикирлер эске алынып, эч жери оңдолбоптур деп эч ким айткан жок. Анткени мезгил талабы мурдагыдан өзгөрүп кеткен. Ушундан улам сын кайсыл учурда, кандай багытта кандай ойдо айтылып жатканын жазуучу токтоолук менен сезе билиш керек.

— Ошентип, бул чыгарма жарык көрөр замат далай бороон-чапкындарды башынан кечириптир. Биз ал сындарды дагы толук келтире алган жокпуз. Ага мүмкүнчүлүгүбүз да жете бербейт. Албетте, романды алар айткандай оңдоп жиберсеңиз кийинки тагдыры кандай болоорун ким билет эле. Сиз тескеринче чыгармаңызды коркпостон калкалап, чыныгы эрдик иш кылгансыз. Анын шарапаты тийип, романдын бир да боёгу өчпөй биздин күнгө жетип, олтурат. Романдын биринчи китеби 1957-жылы борбордук “Советский писатель” басмасынан балкар акыны К.Кулиевдин котормосунда жарык көрдү. Ал эми экинчи китебин адабиятка жаңыдан канатып күүлөй баштаган Ч.Айтматов которду. Романыңыздын орусча чыккан кийинки басылыштарында биринчи китепти которгондорго О.Орозбаев кошулду.

Бул туурасында СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты К.Кулиев минтип жазат: “Биринчи китебин мен өзүм которгом. Ошол боюнча “Советский писатель” басмасынан чыккан. Ал эми менин жанымдагы экинчи котормочу кайдан пайда болгон? Мен Кыргызстандан кеткенден кийин бир нече убакыт болгон соң Фрунзеден чыга турган жаңы бысылышына экинчи котормочуну кошуу жөнүндө менин макулдугумду сурап, автор мага телефон чалган. Автордун мындай өтүнүчүнө мен албетте, жок дей алган жокмун. Көрсө ал мен кыскарткан жерлерди толуктап которгон экен”.

— Ыраматылык досум Кайсын Кулиевдин менин чыгармаларыма жана өзүмө болгон жылуу достук ниетин ар дайым эске сактайм. Аны урматтайм. Кайсын менин “Тоо балдары” аттуу романымды дагы бир катар аңгемелеримди да орус тилине которгон. Айрыкча менин каармандарымдан Кайсын өзүнө жаккандарын дайыма лакап катарында айткандары: Соке абышка Ыманбай, Омор аке, Бермет байбиче, Орузбек, Сабыр, Кара дөө, Сары дөөлөр болучу. Кайсын өзүнүн жакын көргөн досу, таланттуу жазуучу Узакбай Абдукаимовду Ыманбай дечү. “Үйүнө барсам кайран Ыманбай кара тонун айкара жамынып диванында жатыптыр” – деп калчу эле.


<< Мурунку 1 2 3 Кийинки >>