— Тиги айылдагы Шаршенкул өлө тургансып жети түндө баласын жалгыз жибериптир.
Арак салынган сумканы алып чыккан чал: — Ме балам, абайла, атты чабам деп арактарды сындырып алып жүрбө. – Ал Кулунбектин көзүнөн таамп турган жашты байкаган жок. – Кош эмесе, үйүңө аман-эсен жет. Атаңа айта бар, өзүнүн иче турган арагы үчүн сени мындай түндө уйкудан калтырып жумшабасын!
— Мен Шаршенкулдун баласы эмесмин! – деп кыйкырып, ыза болгонундан ыйлап жиберди да аттын башын шарт буруп камчылана катуу чаап жөнөдү. Бир заматтын ортосунда баланын шумдуктуудай өзгөрүлгөнүнө таң болуп эси чыга түшкөн чал:
— Ой бала, сен соосуңбу! Токто бери. Эмне болду сага?! – деп кыйкыра далбаңдады. Ал Кулунбектин кийинки сөзүн укпай калды.
— Ай, Шаршенкулдун 10 сом карызы бар эмес беле, — деп кемпири үйүнөн чыга келди.
— О куу кемпир, эми кеткенде айтасыңбы, — деп Бердалы кемпирине кейиди. – Бир күн өзүнөн аларбыз. Баласы ыйлаган бойдон атын чаап кетти, атасына таарынган го, алган арагын сындырып албаса болду – деди.
Түнкү тынчтыкты буза көчөдө чаң ызгытып катуу чаап бараткан Кулунбекке иттер ажылдашып, артынан кубалашты. Айылдын сыртына бат эле чыгып, түнкү ээн талаада аттын тизгинин тарта эчкирип ыйлады.
— Эми сенин балаң эмесмин, сен аракечсиң! – деп кыжыры кайнап ээрдин кашына илинген сумкадагы арактарды күч менен жерге чаба берди, чаба берди.