Шаршенкул өз атасы эмес экендиги Кулунбек алгач, айылда болуп өткөн тойдо кулагы чалган. Абалбек-аке жаңы баскан баласына той өткөргөн. Ошол тойдо кызыл жүздүү чоочун адам:
— Ой тобо! Ушу Шаршенкулдун баласы да чоңоюп калган тура! – деп таң кала баркылдаган. Анын жанында олтурган ак калпакчан:
— Жо-ок, — деп тиги кишинин сөзүн кайтарды, — Бу бала Шаршенкулдун баласы беле. Кийинки алган зайыбын ээрчип келген бала эмеспи.
Бул сөз Кулунбектин кулагына шак этти. Ою он бөлүнүп, түз жуткандай жүрөгү тилинди…
* * *
Кулунбек атын “чу” деп коюп дүкөндү көздөй жалгыз келатты. Түн. Айлана сүрдүү. Атын кечүүгө бурду. Суунун чалп-чалп этиши кулагына жакшы угулуп кетти. Ушундай кечүүлөрдөн кинодогу актарды кууган Кызыл Армиянын аскерлериндей атын чаап өткүсү келди. Таттуу оюн бел алдындагы аюдай апсайган нерсе бузду. Жүрөгү шуу этти. Көзүн жуумп ийди. Муну Мелистен үйрөнгөн өткөн жолу. Ошентип ит мурундун жанынан өтүп кетти. Көөдөй кара түндө аракка жумшаган атасын жек көрүп баратты. Эртеңки сабагына даярдана албаганына кыжалат болду.
Ай ушу ачуу аракты чоң кишилер ичпей койсо эмне болушат. Чоң кишилер бир кызык. Мас болуп алышып сөгүнүшөт, уят болоорун билишпейт. Деги дүкөндөргө аракты саттырбай койсо кандай сонун болот эле.
Мына, дүкөнгө кароолчу болгон Бердалы чалдын үйү. Үйүнүн түбүндөгү карагайда электр шамы күйүп, эшигинин алдында бошогон арактардын ящиктери жыйылып турат.
Дүбүрттү угуп, уктап жактан кароолчу Бердалы жыгач керебетинен ыргып турду. Кулунбек:
— Салоом алейкум Бердалы аба. Үйдөгүлөр аракка жиберишти эле – деди.
— Кимдин баласы болосуң? – деди киркиреген үн. Кулунбек сабактан жооп бере, албаган балача унчукпады. Мурда келген күндөрү “Кимдин баласы болосуң?” – деген ушул чалдын суроосуна “Шаршенкулдун баласымын” деп ойлонбостон жооп берер эле. Ал ошол жообун азыр айта албады.
— Ой чунак. Эмне, атаңын атын утутуп калдыңбы ыя! О жолуң болгур, келе акчаңы. Канча бөтөлкө аласың? – деп колун суна Кулунбектин жанына келди Бердалы.
— Төрт бөтөлкө, — деп акчаны чөнтөгүнөн сууруп чыкты.
— О мурдуңду урайын, — деди Бердалы чал уурутунан жылмая – сен тиги жогорку айылдагы аракеч Шаршенкулдун баласы турбайсыңбы?
Эми тааныдым, — дегенде Кулунбектин бүткөн бою жылан чаккандай дүр дей түштү. “Мени баары эле аракеч Шаршенкулдун баласы дешет. Баягы тойдогу кишиче, Шаршенкулдун баласы эмес экеними билишпейби? Же ал калп эле айтып койдубу. Мейли калп айтсын мейли чын айтсын арак ичкичтиги үчүн Шаршенкулдун баласы эмесмин” – деди ичинен ызага уугуп жер караган калыбында.
— Аракка сен түнкүсүн көп келесиң го, үйүңдө меймандар барбы? Же атаң өзү ичеби? Жанындагы кошо келчү шеригиң кайда? – деген Бердалы чалдын суроолоруна эч жооп бербестен ат үсүндө башын ылдый кылып ызага буулуккандынан Кулунбектин ысык жашы аттын жалына таамп жатты. Бул тамган жаш “ата” деп жүргөн Шаршенкулду жек көрүүсүнөн буулугуп чыккан жаш эле.
— Бүгүн сага эмне болгон унчукпайсың? – деп таңданган чал арыдагы кемпирине корс этти.