— Биз отузунчу жылдагы “Кызыл Кыргызстан” (азыркы “Советтик Кыргызстан”) газетасынын тиркемесин барактаганыбызда андагы жарыяланган макалаларыңыздын аягына “Чалкар”, “Балка” деген аттар жазып коюпсуз. Кайсыл жылдан баштап бул псевдонимге өттүңүз! Тарыхын айтып берсеңиз.
— Совет бийлигинин алгачкы жылдарында тап душмандардын күчөп турган кези. Алар жаңы уюшулган артел чарбаларынын активдерин гана эмес, ошол кездеги сабатсыз караңгы калкты жаңы турмушка үндөгөн кабарчыларды да өлтүрүп коюшчу. Эсимде Кеминдеги бир кабарчыны тап душмандар “көкбөрү тартышып өлтүрүшкөн. Ушундай коркунучтан сактанып, газетага жазган макалалардын аягына өзүбүздүн псевдонимибизди жазып койчубуз. Ал жылдарда кыргыз элинин туңгуч газетасына жаңыдан жаза баштаган бизге окшогондорго псевдоним айрыкча керек болчу. Кайсы жыл экенин эсимде жок. Мен “Чалкар” деген жашыруун ат менен жазып жүрдүм. Мындай койгонумдун себеби Казакстандын Ак-Төбө деген балка жумушчулар менен дыйкандардын символу.
Эми аларды ушул “Балка” деп сого бер дешти. Ушул псевдоним менен тап күрөшүнүн жылдарында эл душмандарынын бетин ачкан эчендеген макалаларды жаздым.
— Республикабыздын 60 жылдык юбилейинин астында жазуучулардын Бүткүл союздук I съездинин болуп өткөндүгүнүн 50 жылдыгы белгиленди. Ошол I съездде кыргыз жазуучуларынан сиз да делегат болуп, катышып, пролетариаттын улуу жол башчысы А.М. Горький менен жолугушканыңызды айтып берсеңиз!
— Ал убакта жазуучу деген жок. Өзүбүздү жазуучу деп айтуудан уялабыз. Ошол күндөрдөн бери 50 жыл өтүптүр. 50 жыл бир кишинин өмүрү. Баарын эстөө мүмкүн эмес экен. Ошондой болсо да, адамдын эсинен кеткис окуялар адатта жүрөктүн тереңинен орун алат. Андай күндөр дүйнөдө биринчи жолу жаралган социалисттик өлкөбүздө Советтик Социалисттик Республикалардын жазуучуларынын Биринчи съезди болуп эсептелет. Москва шаарында ачылган бул съездге акын-жазуучулардан Мукай Элебаев, Жусуп Турусбеков, Кубанычбек Маликов төртөөбүз катышканбыз.
Съезд 17-августтан 2-сентябрга чейин созулду. Ошол күндөрдө биз шаардагы “Москва” мейманканасында жатып жүрдүк. Дем алыш учурда көңүл сергитип, ар кандай жүрүштөр уюштурулган. Менин эсимде, жанымда Мукай жүргөнүн билем. Өмүрүбүздө биринчи жолу самолѐтко түшүп, он мүнөт Москванын үстү айланып учканбыз. Ушул съезд бүткөндөн кийин, бир нерсе эстеп, абдан күлкүм келет. Биздин көзчмөндүү элибиздин маданияты ушундай экен. Тала-түздө жүргөндө тааныш болсо эле, ошонун үйүнө барып ичүү адатыбыз. Съездге барган төртөөбүз бизге мурда тааныш болуп жүргөн жазуучу А. Фадеевдин үйүнө чай ичкени барганбыз.
Съездде мен кыргыз жазучуларынын атынан чыгып сүйлөгөнмүн. Трибунага чыкканымда элден сүрдөгөнүм айтпа. Анысы аз келгенсип орус тилди да начар билчимүн. Иши кылып фольклорубуздагы “Манас” эпосубуз жөнүндө эптеп сүйлөгөн болдум. Андагы эмне деп сүйлөгөнүмдү, А.М. Горький менен кандайча жолугушкан учурларыбызды эскерүү иретинде бир нече жолу жазганмын.
Съезддин айрым делегаттары менен анын дачасында конокто болгонубузда, жалпы сүрөткө түшкөнбүз.
— Аалы ата, сиз Горький менен жолугушкан учуруңузда андан автограф ала алдыңыз бы!
— Анда автограф алмак тургай, сүрдөгөндөн жанына бара албай калдык. Ал кезде, билбейм биз автограф дегенди билчү эмеспиз. Алганыбыз жок. Мен азыр ойлойм. Бизди А.М. Горький автограф алганыбыз ушул – СССР Жазуучулар Союзуна мүчө болгонубузда анын колу коюлган белет алдык.
— Учурда эмненин үстүндө иштеп жатасыз!
— Азыр “Көк-Ойрок” деген поэманын үстүндө иштеп жатам. Жакын арада журналдардын бирине сунуш кылам го деген ойдомун.
— Аңгемеңиз үчүн чоң рахмат. Чын ден-соолукта болуңуз.