— Агай, менин апам ошол баатыр Чолпонбайды көргөн – деп ордуман тура калып айтып жибергем. Мугалимдин мындай кызык аңгемесин өтө берилүү менен кызыгып угуп олтурган класстагы балдар кыздардын баары мени жалт карашкан. Мен анан апамдын Чолпонбай жөнүндөгү аңгемесин жоо кууп келаткансып аптыга айтып бергем. Баары тымтырс тынчтыкта гана муюп угушкан Наристе сезимимде орногон баатыр-жоокер Чолпонбай жөнүндө апамдын бир үзүм ошол аңгемеси жан дүйнөмө күлазык болуп келатат. Анын эрдик менен аяктаган кыска өмүрүнө байланышкан көп жерлерде болуп келатам Чолпонбай болгону 20 гана жашында курман болду.
Ал душманды ДЗОТуна көкүрөгүн тосуп токтоткон айтылуу Дон дайрасынын жакасында да болдум. Ошондо Доң эч нерсени билбегенсип тыптынч гана мемиреп агып жатты. Мен ага кичинемде Чолпонбайдын эстелигине берилчү суроолор менен кайрылдым.
— Оо, Дон, сен биздин кыргыз элинин баатыр уулу Чолпонбайды көрдүңбү? Менин апам көргөн. Аны кара тултуйган бала эле дейт. Сен ошол кара тултуйган баланын эрдиги баралына толгон жигит курагында өз көзүң менен даана көрдүң го. Анткени аркы өйүзүңдөгү ок төгүп турган душмандын ДЗОТун талкалоо үчүн үстүндөн түн жамынып кайык менен өтүп баратышкан он бир жоокердин арасында Чолпонбай бар болучу. Сен ошолордун арасында Чолпонбайды тааный алдыңбы. Караңгыда тааный албасаң да, ал карылуу колу менен үстүндө калак шилтегенде тула боюң козголуп солкулдагандыр. Ошол август түнүнүн үрөң-бараңында маңдайында орношкон душмандын ДЗОТун талкалоо үчүн Чолпонбай колуна граната алып боору менен жылып жөнөгөндө көп жоокер менен демиңди ичиңе катып сен да акмастан карап турдуңбу?
Чолпонбай ошол кезде кандай эле? Колундагы гранатын ыргытканда ага деле болбой душмандын ДЗОТу мөндүрдөй окту жаадырып тура берди. Ал көркоо душмандарга ушунчалык жакын баргандыктан жарадар болуп, турууга да чамасы келбей кансырап жатканда акыркы ирээт оюна эмнелер келди экен? Ал эми жээкте болсо биздин аскерлер чабуулдун жолун бөгөй турган душмандын ДЗОТтун талкалашын чыдамсыздык менен күтүүдө.
Дон болсо жай гана тып тынч агып жатат. Аркы өйүздө душмандын ДЗОТунун ошондогу орду дагы эле жүрөктүн үшүн адып үңүрөйөт. Ал жер биз үчүн ыйык жер, Чолпонбайдын акыркы ысык каны тамып жоокердик оор өтүгүнүн акыркы издери өчпөс болуп, берч болуп катып калган. Ал издерди колум менен сылагылап тизи бүгүп өпкүм келет. Шинелинин этектери тийгендир деп жердеги чөптөрдү да сылагылайм.
Чолпонбай кара тултуйган бала эле деген апамдын сөзүн өмүр бою эстеп келем…